Бүгүн, 14-сентябрда БШКнын жумушчу тобу үгүт өнөктүгүнүн эрежелерин сактоо боюнча “Мекеним Кыргызстан” партиясынын мыйзам бузуусун талкуулайт.
Маалыматка ылайык, жыйында партияга эскертүү берүү же бербөө чечими кабыл алынат.
БШКнын жумушчу тобу ошондой эле башка партиялардын – “Биримдик” менен “Замандаштын” мыйзам бузууларын талкуулай тургандыгын кошумчалады. Бул саясий партиялар социалдык тармактардын колдонуучуларынын айтымдарында, концерт өткөрүшкөн.
Эскерте кетсек, учурдагы мыйзамдарга ылайык, концерт берүүгө тыюу салынат.
4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. БШК депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бекитти. Парламенттик шайлоого 16 партия ат салышат. Ал эми 4-сентябрдан баштап үгүт иштери башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ