Мыйзамсыз иштен алынган Мамэкотехинспекциянын кызматкери мурункудай эле өз ишин сүйөөрүн билдирди, бирок кайрадан ишке чакыруу катын ала элек. Экологиялык жана техникалык коопсуздук Мамлекеттик инспекциясынын мурунку маалымат катчысы мекеменин жетекчилигинен кайрадан иштөөгө чакыруу катын ала элек. Бул тууралуу ал өзү билдирди.
—Сунуш келип түшө элек, бирок мен кайра барып иштөөгө даярмын, өз ишимди жакшы көрөм жана ырахаттануу менен иштемекмин, – дейт ал.
Эске сала кетсек, президенттин аппаратынын жумушчу комиссиясы Анара Мамбеталиеваны мыйзамсыз иштен алынды деп билдирген болчу.
Анара Мамоеталиеваны Мамэкотехинспекциядагы коррупцияны айтып чыккан соң кызматтан алып салышкандыгын ал көпчүлүккө шардана кылган эле. Ал ошондой эле коррупционерлердин аттарын да атаган болчу. Ал айткан фактылардын айрымдары тастыкталды.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ