Menu

Күнболот Момоконов, “Эл байлыгы, бийлиги” коомдук бирикмесинин төрагасы: Жерүй кенинен Д. Зилалиев кантип “акчага” туйтунганы жатат?

Бөлүшүү:

Учурда Таластагы Жерүй кенин иштетүү боюнча конкурс өткөнү менен утуп алган Россиялык “Восток геолдобыча” компаниясы жарытылуу иш алып бара албай жаткандыгы байкалат. 100 млн. доллар конкурстун баштапкы акчасын Кыргызстанга которуп берген компания эмнегедир кенди иштетүүгө кызыктар болбой жаткандай. Компания конкурстун шарттарына ылайык кенди иштетүүнүн алгачкы кадамдарын 1-сентябрда өздөрүнүн проектиси менен кирүүгө милдеттүү болчу. Тилекке каршы, компания өздөрүнүн ишке болгон салкын мамилесинен улам, убакытты 6 ай артка жылдырууну суранып жаткандыгы тар чөйрөдө белгилүү болду. Тоо кен агенттигинин башчысы Дүйшөбек Зилалиевдин “каймана” өкүлдөрүнүн бири Сыргабек Молдобаевдин айтымында Зилалиев компания тарапка жан тартып, форс-мажордук негизде компанияга 6 ай убакытка чоюп берүүнүн пландап жатышкандыгын кабарлаганын айтат. Андай болсо, Зилалиев бул кадамдары менен Жерүй кенинен мыйзамсыз аракеттерди жасап, акчага туйтунуунун амалын көрүп жатабы деген ойго келесиң. Бул кандай? Форс-мажордук учур, компания өз милдеттерин аткарбай, конкурстун талаптарын аткарбаганда болоорун Зилалиевге кайсыл мыйзам менен ким түшүндүрүп бериптир? Азырынча кенди иштетүү боюнча Кыргызстан тараптан эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок. Демек, форс-мажорго барууга эч кандай негиз жок. Бул Зилалиевдин “акча жасоонун” амалыбы деген ойго аргасыз келбей койбойсун. Себеби, аталган компания конкурсту утуп алган кезде, Кыргызстан тараптан коюлган конкурстун баардык шарттарына макулдугун берген болчу. Демек, конкурстук талаптарда, компания 2016-жылдын 1-сентярына чейин кенди иштетүүнүн алгачкы проектисин сунуштап иш баштабаса, Кыргыз мамлекетине ар бир ай үчүн 100 миң доллардан төлөп туруу шарты коюлган. Демек, компания өздөрүнүн шалаакылыгы үчүн 6 ай сурап жаткан болсо, мамлекеттин казынасына 600 миң доллар төлөөсү кажет. Бул эч кандай форс-мажордук менен бүтө турган иш эмес. Эгер Зилалиев форс-мажордук жолду тандоо менен компания тарапка 6 айды чечеип берген жаткан болсо, бул жерде конкурстун талаптарын сыйлабаган Зилалиев өз элин мыйзамсыз жака түртүп, компаниядан “ак эмгеги” үчүн болуп көрбөгөндөй акчага туйтунган жатабы(?) деген ой келет. Бул албетте эл назарында. Байкап турабыз.
Күнболот Момоконов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: