Мындай окуя Красноярск (Кызыл-Жар) крайында болгонун “Комсомольская правда” гезити бүгүн, 16-январда жазып чыкты, кыз 7-класста, бала – 4-класста окуйт экен.
Кыздын кош бойлуу болгонуна 7 жума болгон. Кыздын ата-энеси курсактагы баланы сактап калууну чечкен.
Азыркы учурда кыз менен түйүлдүктүн абалы врачтардын катуу көзөмөлүндө.
Ал эми 10 жашар балага атайын экспертиза кылынып, тесттен өтүп, бала жаратууга мүмкүнчүлүгү бар экени текшерилет. Бала төрөлгөндөн кийин атасын аныктоо үчүн генетикалык экспертиза өткөрүлмөкчү. Күч органдары чоң эле бирөө жасап, кыз менен, 10 жашар бала менен сүйлөшүп, атайын 4-класстын окуучусуна оодарышкан деп шек санашууда. Анткени 10 жашар бала кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ