Menu

Аламүдүн районунда милициянын таяныч пункту ачылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-декабрда, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айылында милициянын таяныч пункту ачылды. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага КРнын ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрация башчысы Саккараев Марс Намарбекович, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөт башчысы жана бергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы, өздүк курамы  жана  жергиликтүү тургундар катышкан.

Милициянын таяныч пунктунда жергиликтүү тургундар менен иштөө үчүн бардык шарттар менен жабдылып, бүгүнтөн тарта колдонулууга берилген. Бул имарат  ар кандай окуяларга өз убагында тез арада чара көрүүгө, укуктук жардам көрсөтүү жана коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү, ошондой эле милиция кызматкерлеринин калк менен тыгыз иш алып баруусуна ылайыктуу баардык жабдуулар менен камыздалган.

Иш-чарада КРнын ички иштер министрлигинин жана Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын өкүлдөрү жемиштүү кызматташтыктары үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнө медалдарды жана мактоо грамоталарды тапшырышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: