Тажикстан салык комитетинин башчысы Нусратулло Давлатзода өлкөдө физикалык жактарга электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компаниялардан кошумча нарк салыгын алууну сунуштады.
Анын айтымында, Орусияда интернет аркылуу электрондук кызмат көрсөткөн – Google, Apple, Microsoft, Facebook, eBay, Aliexpress, Yahoo, Bing сыяктуу компаниялар кошумча нарк салыгын төлөй башташкан. Мунун эсебинен быйылкы жылдын биринчи чейрегинде Орусиянын мамлекеттик казнасына 2 миллиард рубль түшкөн. Документ интернет-чөйрөдө “Google салыгы” катары белгилүү.
Салык комитетинин башчысы “Google салыгын” киргизүү менен башка чет өлкөлүк компаниялар дагы бюджетке кошумча акча алып келет деген ишенимде.
Быйыл Тажикстанда салык жана бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча план аткарылган эмес. Буга байланыштуу мекеме жетекечилери президент тарабынан сөгүш алышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ