Menu

Назарбаев: Мен Кыргызстан тууралуу жаман сөз айткан жокмун

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандагы расмий иш сапарынын алкагында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен чакан чөйрөдө жолугушту. Жолугушууда Назарбаев “Биз келип-кетебиз, эл калат. Ошондуктан достук, туугандык мамилени кийинки муунга таза бойдон калтырышыбыз керек” деди.

Назарбаев Кыргызстан тууралуу жаман сөз айтпаганын жана Кыргызстанга зыян келтире турган иш-аракетке барбаганын билдирди.

Кыргызстан менен Казакстандын мамилеси экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда солгундап, казак тарап дээрлик эки ай бою чек арадагы көзөмөлдү күчөткөн. Ага Атамбаевдин Назарбаев менен Бабановдун жолугушуусун айыптап, анын дарегине кескин сын айтканы себеп болгон. Ошондон улам жүк ташуучу унаалардын бир нече чакырымга созулган тыгыны пайда болгон.

Чек арадагы абал Жээнбеков менен Назарбаев Минскте ЖККУнун саммитинде жолугушкандан кийин жөнгө салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: