Menu

Тажик-өзбек чегиндеги Амузанг–Галаба темир жолу калыбына келет

Бөлүшүү:

Өзбекстандын түштүгүндөгү Амузанг станциясы менен Тажикстандын Хатлон облусундагы Галаба темир жол бекетин байланыштырган поезд каттамы кайра ачылат.  Бул тууралуу Тажикстан унаа министри Худоёр Худоёрзода билдирди.

Мындан дээрлик жети жыл мурда токтоп калган темир жол каттамын калыбына келтирүү иштери аягына чыкты .

Өкмөттөр аралык келишимге Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга болгон март айындагы мамлекеттик сапары учурунда кол коюлат.

Худоёр Худоёрзода жакында өзбекстандык адистер менен бирге Амузанг-Галаба темир жолундагы ремонт иштери менен таанышып келген. “Темир жол дээрлик калыбына келди, келишимге кол коюлушун күтүп жатабыз”, – деди ал.

Өзбекстандын түштүк облустарын Тажикстан менен байланыштырган Амузанг–Галаба темир жолу 2011-жылы өзбек-тажик алакасы солгундап турган учурда “жардыруу болду” деген жүйө менен жабылып калган эле.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: