Menu

Түркмөнстандын көмүскө базарында доллардын курсу олку-солку болууда

Бөлүшүү:

14-февралда Дашөгүз шаарында көмүскө базардагы доллардын курсу 6 манатка чейин төмөндөп, түштөн кийин кайра 10 долларга чейин жогорулады.

Жергиликтүү тургундар буга Ашхабаддын көмүскө базарындагы абал таасир эткенин билдиришүүдө. Анда бир күн мурда 14 манатка сатылып жаткан АКШ доллары 14-февралда 11 манатка чейин төмөндөгөн.

Ошол эле маалда түркмөн валютасынын олку-солку болушуна өлкөнүн Казакстан жана Өзбекстан менен чектешкен аймактарындагы сооданын активдешүүсү себеп болгону айтылууда.

«Дашөгүздө Казакстан жана Өзбекстандан келген ишкерлердин активдүүлүгү байкалды. Алар түркмөн валютасын өтө көп сатып алышты. Манаттын бекемделишине ушул себеп болду. Менин билишимче, доллардын көмүскө баасы 9 манатка чейин түштү. Бирок түштөн кийин кайра 11 манатка көтөрүлдү. Азыр 12 манаттан сатылып жатканы айтылууда», – деди жергиликтүү ишкерлердин бири.

Өткөн жекшембиде Түркмөнстандын көмүскө базарында доллардын курсу 15 манатка чейин жогорулаган. Өлкөдө бийлик тарабынан белгиленген расмий курска ылайык, бир АКШ доллары 3,5 манатка барабар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: