Menu

Кандай аял бейишке татыктуу?

Бөлүшүү:

Жараткан аял менен эркекти бул дүйнөгө бир бүтүн, эриш-аркак кылып жараткан экен. «Аялдын бейиши эркектин таманынын астында» деген сөздө айтылгандай, аял бактылуу болом десе өмүрлүк жолдошуна баш ийип, анын бакытты сезүүсүнө көмөкчү болушу керек. Ал эми үй-бүлөгө бакыт уялап туруусу үчүн аялзаты өзүнүн милдеттерин так билүүсү кажет. Ошондуктан, бул жолу дин маселесине, диндеги аялдардын ордуна кайрылууну туура көрдүк.

Пайгамбарыбыз САВ айтты: «Күйөөсүн сүйүүчү, көп бала төрөөчү. Эгер анын күйөөсүнүн ачуусу келсе же ага бир жаман сөз айтса же ага күйөөсү нааразы болуп калса, анда ал күйөөсүн ыраазы кылуу үчүн «Менин колум сиздин колуңузда, сиз ыраазы болмоюнча мен уктабайм» десе бул аял бейишке татыктуу».

Бул хадисте бейишке татыктуу аялдын сапаттары баяндалды. Бейишке баруучу аялда ушул сапаттар табылат:

1. Аял жары менен таттуу мамиледе болот. Жолдошунун бир аз көңүлү чөгүп калганына анын тынчы кетет. Дайыма жанында жан шерик болуп, оюна башка эч кимди илбейт. Өтө катуу махабаттын кучагында жашап, күйөөсүнө кандайдыр бир сыноо келсе ага сабыр кылат.

2. Көп төрөгөн аял. Көп төрөгөн аял мактоого ылайыктуу. Ал Аллах жана анын элчисинин алдында сүйкүмдүүрөөк. Себеби, пайгамбар «Бала төрөөчү аял Аллахтын алдында бала төрөбөгөн сулуу аялдан жакшыраак. Төрөбөй турган сулуу аялдарды таштагыла. Кара, бала төрөй турган аялды алгыла. Мен силердин көптүгүңөргө кыямат күнүмактанамын» деп айткан.

***

«Аял качан беш убак намаз окуса, өзүнүн уяттуу жерин сактаса жана күйөөсүнө баш ийсе, ал бейиштин каалаган эшигине кирет».

 Аялдар намаз окууда кемчилик кетиришет. Окушпайт, же таштап кайрадан окуйт, же жалкоолуктун себебинен убакыт өтүп кеткенден кийин окуйт. Аялдын бейишке баруусу оңой, күнөөлөрдөн сактанып жүрсө, намаздарын таштабаса жана күйөөлөрүнө кызмат кылып, баш ийип кубантса, ошондо бейишке дарбазанын каалаганынан киришет.

***

«Аллах Таала «мен үйлөнбөйм» деген эркектерди жана «мен турмушка чыкпайм» деген аялдарды каргыштаган».

Аллах Таала ар бир адамдын зарылчылыгын экинчиси менен байлап койгон. Бир эле аял эмес, күйөө дагы аялга муктаж. Ошол себептен үйлөнбөгөн эркектерге жана турмушка чыкпаган аялдарга Аллах каргыш айткан.

***

«Каза болордо күйөөсү ыраазы болсо, ал аял бейишке кирет».

Күйөөлөрү картайган, алсыз жана оорукчан болсо да аларга бир кызмат кылып коёюн дебеген, көңүлүнө дагы албаган көптөгөн аялдар бар. Алгач үйлөнгөндө аны жакшы көрүп, айтканын жасачу, эми андан баш тартат. Байкуш күйөөсүкыжаалаттыкта бул дүйнө менен коштошот. Күйөөсүнө ушундай мамиле кылган аял бейишке татыктуу эмес.

***

«Кыяматта Аллах Таала күйөөсүнө тили менен кыйынчылык тарттырган аялдын тилин жетимиш арыш узун кылып, моюнуна оройт. Күйөөсүн жаман көз менен караган аялды башы кесик жана денеси бырчаланган абалга айлантат».

Аял күйөөсүнө колдон келишинче жарык маанай менен мамиле кылып, сүйүүсүн көрсөтүүсү керек. Тил менен дагы аны таарынтпоо керек.

***

«Күйөөсү менен гана махабатта болгон, ачык маанай, башка эркектен өзүнүн намысын сактаган аялга Аллах Таала ыраазы болот».

Күйөөсүн катуу сүйгөн, аны менен жакшы мамиледе болгон аял Аллах Тааланын алдында сүйкүмдүүрөөк. Күйөөсүнөн башка эркектерге кызыкпоо, алар менен эч кандай байланыш кылбоо керек. Чоочун эркектер менен тамашалашып күлүү, сүйлөшүү дурус эмес. Бул зынанын өкүмүнө кирет. Мунун баары – күнөө.

***

«Аллах Таала күйөөсүнө шүгүр кылбаган жана ага нааразы болмоюнча тура албаган аялга карабайт».

Кайсы бир аял күйөөсүнө шүгүр кылбай, оозунан дайыма шүгүрсүздүк сөз чыкса: «мага зулум кылдың, укугумду, акымды тебелеп жатасың» деп ойлосо, күйөөсүнө адеп көрсөтпөсө, экөөнүн ортосунда байланыш жок болот. Үйдөгүнерселер кенен болуп туруп да бир тозоктун үлгүсүнө айланат. Ошондуктан, аялдар оозунан шүгүрсүздүк сөздүайтуудан этият болуулары керек. Эгер айтса Аллахтын назарына калат. Эгерде кандайдыр бир кыжаалаттык болсо, ага сабыр кылса, эртең ошол амалына бейиш берилет.

***

«Күйөөсү аялын төшөгүнө чакырганда аялы барбай койсо, периштелер таң атканга чейин каргыш айтат».

Эгерде аялдын этек кири келген болсо же ооруп жатса, ачык маанай менен себебин айтып түшүндүрсүн. Ортодогу мамиле муздап кетпеси үчүн ушундай мамилеге көңүл коюу керек. Себеби, жубайлардын ортосундагы мамиле өтөназик.

***

«Аялын күйөөсүнө каршы күүлөгөн киши бизден эмес».

Кээ бир адамдардын адаты күүлөө жана башкаларга каршылыкка үгүттөө болот. Ошондуктан, кээ бир аялдар кайсы бир аялды күйөөсүнө каршы тукурушат. Ал аял күйөөсүнөн жийиркенип, арыздана баштайт. Мындан улам урушуп дагы кетишет. Бул жаман нерсе. Кимдир бирөөнүн үйүн бузуп, ажыраштыруу өтө жаман нерсе. Мындан сактануу керек, бул тозоктун амалы.

***

«Кайсы бир аял катуу зарылчылыксыз күйөөсүнөн талак сураса, ага бейиштин жыты арам».

Жубайлардын ортосунда уруш болот. Ошондо күйөөсү «кет» деп аялына айтпоосу керек. Кайсы жерде күйөөсүнөкыжаалаттык туулса, ал жерде аялдын да жашоосу бузулат. Жаш балдарына болсо түйшүктүн үстүнө түйшүк кошулат. Натыйжада аял ар жагынан кыжаалат болуп, көптөгөн башка күнөөлөргө жол ачат. Дини да, дүйнөсү дагы бузулат. Ошол себептен күнөөнүн дарбазасы ачылуу үчүн шайтан талак бердиргенге аракет кылат. Талак берип экөөнүн ажырашуусуна аракет кылып, кыйынчылык менен жашоо өткөрүүгө болгон аракетин жумшайт. Кыйынчылыкка сабыр кылуу аябай чоң сооп.

***

«Аял күйөөсүн нааразы кылып үйүнөн чыкса, асмандагы бардык периштелер жана кайсы жерден өтсө инсан жана жинден башка ошол жердеги нерселердин баары, ал үйүнө кайтып келгенге чейин каргыш айтып турушат».

Аял күйөөсүнө кайсы бир себептен нааразы болуп калса, үйдөн сыртка чыгып кетүүнүн ордуна ачуусу тарагандан кийин кечирим суроо керек.

***

«Кыямат күнү аялдардан эң биринчи намаз жөнүндө суралат. Андан кийин «күйөөң менен кандай мамиледе болдуң?» деген суроо суралат».

Шариаттын парздарынан кийин аялдардан күйөөлөрү жөнүндө жана аларга кызмат кылуусу жөнүндө суралат. Бүгүнкүкүндө жумушта иштеп, күйөөлөрүнүн кызматында кемчилик кетиришет. Ушундай аялдар бар, кала берсе күйөөлөрүнөтамак бышырып беришпейт. Мындай кемчилик кыямат күнү абдан өкүнүчтүү болот.

***

«Эң биринчи бейиштин дарбазасын мен ачамын. Бирок, бир аялдын менден биринчи кирип кетип жатканын көрдүм. Мен андан: «эмне болду, сен кимсиң?» деп сурайм. Ал: «Мен ушундай аялмын, күйөөм каза болгондон кийин жетим балдарды багып, тарбия кылганмын, алардын себебинен турмуш курбадым» деп айтат».

Бул өтө чоң суктануучу дөөлөт. Ушундай аял парздарды убагында аткарып, күнөөлөрдөн сактанып, бир бала же кызды карап, ага тарбия берүүнүн себебинен өзүнүн жаштык курагын курбанчылык кылды. Эми бейишке пайгамбардан мурун кирип бара жатат. Бул аял баласын тарбиялайм деп күйөөгө чыккан жок. Эгерде экинчи турмушка чыкканда, бул күнөөсүз баласы кайда бармак? Таенеси же чоң энесинин колунда тарбия дурус болбой калмак. Эненин койнундагыдай жыргалчылык тарбияны кайдан табат? Эгерде экинчи күйөөсүнүн алдына ошол бала барса, күйөөсү өз баласына тарбия кылгандай тарбия кылбайт. Аял күйөөсүнүн балдарына тарбия кылуу менен алек болмок. Ошол себептен турмушка чыкпагандыгы артыкчылыгы болду.

***

«Кайсы бир аял көрүнүү үчүн атыр себинип көчөгө чыкса, эл таасирленип аны караса, үйүнө кайтып келгенге чейин Аллахтын каарына калат».

Чоочун эркектерге көрүнүү үчүн жасанып, упа жана кремдерди, лактарды коюп үйүнөн чыккан аял Аллахтын каарына калат. Себеби, жасанып сыртка чыккан деген эмне? Ал башкалар көрсүн жана көңүл койсун дегендик.

***

«Мен бейишти карасам көпчүлүгү кедейлер, тозокту карасам көпчүлүгү аялдар экен».

Тозокто аялдардын көп болгонунун себеби, алардын тилдеринен этиятсыздык кылып каргыш айтуу, жемелөө, күйөөсүнө шүгүрсүздүк кылуу чыгып кетет. Урушканда «сен эмне бердиң, мен эч качан жыргалчылык заманды көргөн жокмун» деп айтат. Бул Аллахтын ачуусуна себепчи болгон, тозокко салчу сөздөр!

***

«Качан менин үмөтүмө он беш нерсе келсе, аларга кыйынчылыктар келе баштайт».

«Качан олжо малды өзүнүн малы деп түшүнө баштаса, аманаттын малын олжо деп түшүнсө, зекетти жүк деп билсе, күйөөсү аялына баш ийип энесинен бурулуп кетсе. Достору менен жакшы мамиледе болуп, атасына көңүл бурбаса, мечиттерде үндөр бийик боло баштаса, коомдун башчысы ылайыксыз киши болсо, кишини жамандыгынан сактануу үчүн сыйлай баштаса. Арак ичүү жалпы болсо, жибектин кийими иштеле баштаса. Ыр ырдоочулар көбөйүп кетсе. Кийинкилер мурдагыларды жамандай баштаса. Ушундай убакыт келгенде кызыл чаңды жана жердин чөгүүсүн, беттердин бузулуп кетүүсүн күткүлө».

Бул хадистер «Бейишке татыктуу аял» аттуу китептен алынып жазылды.

Динара Чокоева

Булак: Леди.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: