Menu

Азамат Абдыкадыров инспекторду садага чаап кутулабы?

Бөлүшүү:

20-февралда Талас областынын Кара-Суу айылында өтө кайгылуу, кабырганы кайыштырып, жүлүндү зыркырата турган каргашалуу окуя катталды. Бир үй-бүлө иске ууланып, энеси менен кызы каза тапты. Беш жана он үч жаштагы эки бир тууган ооруканага жеткирилип, биринин абалы оор бойдон турат. Кырсык болгон учурда үй-бүлөнүн ээси улуу баласын дарыгерге каратыш үчүн Бишкекте жүргөн экен. Айтор, жалпы кыргыз шалаакы жетекчилерге наалат айтып, мөгдүрөп турган чагы. Болбогон жерден өмүр кыйылып, күнөөсүз адамдар оо дүйнө узады. Эгер жөнөкөй гана адамгерчилик деген сапатты карманганда бул каргаша болмок эмес. Дегенибиз, «апам келсе акчасын төлөйт» деп чыркыраган кызынын сөзүн укпай, электрик 2483 сом карызы үчүн жарыгын кыркып кетишкен. Кечирээк келген үй кожейкеси аргасыздан сыртка тамак жасап, анан эки кыз, бир уулу үшүп калбасын деген ойдо оттун чогун чака менен үйдүн ичине алып кирип койгон. Жыйынтыгы минтип кайгылуу бүтүп, 2500 сом үчүн эки өмүр кыйылып кетти. Анан бул ишти шалаакылык дебегенде эмне дейбиз. Миллиондогон акчаны жегендер тайраңдап жүргөндө, 2500 сом үчүн өмүр кыйыштын зарылчылыгы бар беле? Мыйзамды урматтаган өлкөлөрдө мындай кайгылуу иште элден кечирим сурап, эң чоң жетекчилер кызматтан кетет. Бизде бетин табактай кылып отургандарга жаның кейийт. Жок дегенде энергохолдинг башчысы Азамат Абдыкадыров кетиши керек эле. Тилекке каршы, элдин көңүлүн жазгырыш үчүн «Түндүк электр» ачык акционердик коомунун Талас филиалындагы инспектору Зульфия Мусаеваны кызматтан алып кутулду. Биздин бети жок чоңдор эки адамдын өмүрүн кыйган иште жөнөкөй инспекторду садага чаап кутулуп кете береби?

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: