Бүгүн, 18-декабрда Бишкекте таза аба үчүн тынчтык жөө жүрүшү өтүп жатат. Жарандык активисттер темир жол бекетинин жанына чогулушту. Алар Ала-Тоо аянтына барууну көздөп жатышат.
«Азыр бизди өтө кооптондурган аба бар экендигин көрүп турабыз. Адистердин айтымында, ар бир тогузунчу кыргызстандык абанын булганышынан улам келип чыккан өпкө ооруларынан каза болот. Жана ошондой эле абанын булганышы жарандардын өмүрүн эки-үч жылга кыскартат. Түтүнгө жана абанын булганышына каршы күрөшүү боюнча бийликтин активдүү иш-аракеттерин көрө албай жатам», – деди тынчтык жүрүшүнүн катышуучусу.
Белгилей кетсек, жүрүшкө 100дөй адам катышууда. Алардын арасында президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев дагы бар.
Ошондой эле, жүрүштүн катышуучулары бир нече жазуусу бар плакаттарды көтөрүп алышкан. “Мен дем алгым келет. Бишкек- Ышкек”.
https://twitter.com/_nur16/status/1339831857869975553?s=20
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ