Menu

Байлыктын да азабы болоруна көзүбүз жеттиби?

Бөлүшүү:

Негизи жегичтер майлуу орунга келсе алты жылда эмес бир айда берекелүү жердин ит акмагын чыгарып салат. Алыска барбай эле ырыскылуу делген бажы тармагына келели. Күнү-түнү республикадагы бажыканалардан нечендеген унаалар өтөт, көмүскө товарлар кирет же чыгат, туурабы? Ушул кыймыл-аракеттин баары акча аркылуу “ырымдаларын” кимибиз билбейбиз? Ошол үчүн ушул тармаккка жок дегенде кароолчу болууга жан талашып жүрүшпөйбү? Салаалардан куюлуп эле акча түшүп жатса алардын уйкусу келмек беле? Эмне үчүн азыр дөө-шаалар бажыга тырмышып жатышат? Жогоруда айткандай миллиондор тынбай айланып жатса ким “сүттөлгөн акырдан” алыстагысы келсин? Бекер жерден кыска мөөнөттө 3 миллиард сомду капчыкка салган кишинин ордуна башка адамды коюшкан эместир?

Ана сатабыз, эми сатабыз деген “Мегакомдон” деле 24 саат боюу алтын сөлкөбайлар айланып турганы калп эмес. Ошонун сыйрытмагына илингендер азыр каякта отурушат соксойуп? И-ии ошол эргулдар каймагын шыпырып жеп жүрүп, кекиртегинен илингендер. Дагы канчалар мындай тагдырга туш болорун көзү ачыктар да айталбайт. Ал эми чуулган жараткан соттошуулар эртең эле аягына чыгат деген курулай кыялдануу десек болот. Көрсө акчанын кусуруна кабылгандар оңой кутула алышпайт тура. Сугалактык, тойбостук, ыймансыздык тескери сапаттар баары бир балээге туш кылат экен. Тили менен казанга чарылдатып таш кууругандар деле ачкөздүгүнөн улам кулкунунан илинип кокуйлаганына күбө болуп жатабыз го?

Алтын чыккан жерлерден деле эки кулагы шалпайгандар кезинде чириген байлыкты жыйнап алышкан. Кээ бирлери азыр Москвалап жүрсө, айрымдары Лондондо шапар тээп калышканы боюнча уламыштар жомоктой уланып келет. Дале болсо купшуңдап алтындан өөнөп калсам деп жулунгандар толтура. Кумтөр, Жерүй, Макмал, Иштамберди, Бозумчак, Алатай сыяктуу кен чыккан жерлердин чүйгүнүн ап эткиси келгендердин аппетити ар качан ачылып турат. Керек болсо Швейцариянын эч ким кире алгыс банктарында көмүскө ат менен сакталган алтындары бар экени тууралуу билермандар узун сабак кептерин токуп калышканы жөн жерден эместир? Алып жатса деле тынгысы келбегендердин жоругун сөз кылгыбыз деле келбей калды. Анткени бир келген өмүрдө жылыңач келип, кайра жылаңач кетерибиз ырасталган. Бул кызылдай чындык!

Чырлуу ТЭЦтин аягына чыга электе тарых музейин “ыңаалатып” сууруп чыгышты. Буйруса дагы бүтпөс тема табылды. Бул боюнча да “хохмалар” уюлгуп чыгарында шек жок. Ар кандай тамашалар, анегдоттор, какшыктар, сценарийлер тартылат, жазылат, сахналаштырылат деп ишенимдүү айтсак болот. Анткени ушундайдан “чыгарма” жаратуучулар кескелдириктей куйругун шарт кесип салышат көз ачып жумгуча. Акыркы учурда биздин журтчулукта “өнөрлүүлөр” бутка чалынып калышпадыбы…

Эми үстүртө кеп кылгандай ар кандай “түстөгүү” ой-жооручулар бар экендиги байкалды. Бирөө шардана кылып минтип жазды:-“ Жегичтердин азабын берип салчу тажик молдолор бар. Эгерде ошолорду атайын таап келип дубасын окутса мамлекеттин байлыгын жеп, ичкендер калтырап, титиреп, окшуп колго түшүп берет. Антпесек такыр ылаажы табылбай калды”-деп өз пикирин калтырды. Андай божомол чын ишке ашса бизге кыйын оперлердин, тергөөчүлөрдүн, прокурор, соттордун эмне кереги бар? Ошолордун ордуна ошондой укмуштуу касиети бар молдолорду эле жалдап, шектүүлөрдүн ашмалтайын чыгарып, казынага каражаттарды тартып келип байгерчиликте оокатыбызды кыла бербейлиби? Мындай жолду табууга жардам бергендер алтынга оронуп жатса да жарашмак. Миңдеген чабал милисалардын, соттордун, салыкчылардын, генералдардын ордуна сүф дегенде оозунан “кара куртту” түшүргөндөр деги бар болсоңор, кабар берип койгулачы? Жетинчи кабаттагы билермандарга өзүбүз кезиктирүүгө убада берели. Анда эле илгерки коммунизм дегенге жетип, жыргап, куунап жашообузду өткөрмөкпүз. Дегинкисинде айла кеткенде ар кандай кептер айтылат шекилди. Пендебиз да …

Жора Сулайманов

Булак: Ачык сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: