Menu

Беделбай Маматов, Ош облусунун тургуну: “Талиеванын тилине тибиртке!”

Бөлүшүү:

“Коомду сасыткылардан тазалоо керек”-деп ажобуз туура айтыптыр. Журт үчүн өздөрү тырмактай салым кошпой туруп айрым бир сайттарда, социалдык түйүндөрдө тиешеси болсо болбосо да “үрүп” турчулар көбөйдү. Деги мен элиме, жериме эмне кызмат кылдым?- деп суроо береби алар өздүрүнө?

Оштун Батыш микрорайонундагы транзиттик жолдун айлампасына коюлган Барсбек кагандын айкели туурасында А. Кадырбаевдин айткан сунушуна жазылган билдирүүлөрдү окуган соң мен да өз пикиримди жазууну эп көрүп турам. “Далил менен, ток этээр жерин айт” -дегени турасыңар го. Анда сөз маңызынан болсун.

“Кадырбаевди сотко бериш керек, тарыхый баалуулукту баалабайт”- деп эбак этегинен да, оозунан да жыртылган Камила Талиева жазып, өзүн Кызсайкал менен Жаңылмырза сезиптир. Улуттук калориттеги кийимди кийип мекенчилдик сезимин билдирем деген го сыягы. Башкасы айтса да ушу Талиева тим койбоптур-дегендер толтура Ошто. Ал тургай ушу Талиева тарых менен маданияттын баалуулугун билет бекен-деп чоочугандар андан көп. Эмнеге дебейсиздерби? Өзү же “Каганатчылар” эстеринен чыгарып коюшкан го чамасы? Бирок чынында эле мен кыргызмын деген чыныгы илим – билимдүүлөр, ар намыстуулар бул айымдын жоругун унута элек.

20-кылымдын Гомери, улутубуздун феномени аталып, аты кыргыз элинин тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калган Саякбай Каралаевди-композитор деп жамы журтка шылдың болгонун коомчулук билет.

Мырзакматовдун командасынын күнү ушу Талиевага түшүп калса иштин бүткөнү экен… Бу кызыбыз да кызык “мага эмне жок Саякбай атабызды-композитор деп айтып алып шермендем чыкты эле. Эми тарыхка, маданиятка күйгөн адам болбой эле эсимди жыйып, шүк олтурайын”-дебейби.

Вице-премьер-министр болуп маданият, адабият жаатын тейлеп турганда жарытылуу бир иш жасабаган Камила эми Кадырбаевге сын айтат имиш. Кадырбаев Ошто тарыхта эч ким өчүрө албай турган иштерди жасап жатат, алардан айырмаланып. Ал иштерди эч ким чийип сала албайт. Аны мен, мен сыяктуу Ошто жашап жаткан, сыйга келип-кетип жүргөн миллиондогон адамдар көрүп турабыз. Сынды да айтса оозунда татыктуу кеби, аз да болсо жасаган иши бар адамдар айтса жарашат, таасирдүү болот. “Каганатка” Талиевадан башка карманаар талыңар калбаса мага айткыла мен силерди уят кылбай сүйлөп берем, тоюс “үрүп” берем. Талиеваны тайраңдата бербегиле!

Беделбай Маматов, Ооган согушунун Ош облусу боюнча ардагерлер Кеңешинин төрагасы

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: