Menu

Долон ата чакырыгы – Жалпы кыргызстандын элине кайрылуу !

Бөлүшүү:

Бул кайрылуу 2016-жылдын 29-сентябрь күнү, Кочкор районунда Долон бий атанын арбагына куран окутуп, зыярат кылуу руханий иш -чарасында Оң, Сол, Ичкилик урууларынын 200 дөн ашык өкүлдөрүнүн катышуусунда кабыл алынды.

Кадырман калайык калк!

Урматтуу көрөңгөлүү кыргыз журтчулугу!

Кыргыз эли түбү түптүү, мурас тарыхы терең, алмустактан бери келаткан байыркы нарктуу, салтуу эл экендигин илим тастыктоодо. Мезгилдин нечендеген оор капшабында далай улуттар тарыхта да аты калбай жок болуп, империяга айланган мамлекеттер кыйраганын билебиз. Бирде күркүрөп аты алыска угулуп, бирде үзүлө жаздап суюлуп кыргыз эли бүгүнкү күнгө жетти. Улутубузду мезгил тегирменинен аман сактап келаткан күч улуттук нарк, салтыбызда, тили-дилибизде, көөнөрбөз ички курам түзүлүшүбүздө экендигин түшүнөбүз. Боз үйдү тигиш үчүн алгач кереге жайып түндүк көтөрөт. Анан барып уук түндүктү тирейт, керегеге таянат. Кыргыз мамлекетинин ички түзүлүшү аяр салып караган кишиге улутубузга кылым карытып кызмат өтөп келаткан боз үйдүн түзүлүшүнө окшоп кетет. Уукту мамлекеттибизди түзгөн ууруулар десек, түндүгүбүз мамлекетибиз, керегебиз өткөн тарыхыбыз, нарк, салтыбыз. Өткөн тарыхы жок эл болбойт. Эл бир түндүкө бирикпей мамлекет болбойт. Ууксуз түндүк көтөрүлбөйт. Бир мезгилде кыргызды бириктирип улут катары сакталып калышына эбегейсиз эмгек өтөгөн Доолон бий атабыздын арбагына бүгүн андан тараган оң, сол, ичкилик урууларынын урпактары куран окутуп зыярат кылып жатып, сөз кыларыбыз бир гана уруулар ынтымагы, улут биримдиги, мамлекетибиздин келечекте гүлдөгөн өлкөгө айланышына жол салуу болмокчу. Биз ар бир уруу улуттук нарк, насилди, салтты сактоодо, түпкү ата тегибизди билүү менен көнөрбөз тарыхыбызды унупай кийинки муундарга өткөрүүдө өз алдыбызча туугандык сезимде иш аткарып келатканыбыз менен тирээр түндүгүбүз бир экенин, таянаар керегебиз бир экенин жакшы билебиз. Буга ар бир уруунун узак санжырасы күбө. Уруудан айланса болот, ар кандай себептер менен Кыргыз эли мамлекеттүүлүгүн жоготуп алган мезгилде да майда “уруу мамлекеттери” болуп жашай берген. Удулу келгенде кайрадан уруулар бириге калып, кыргыз элинин улуттук туусун бийик көтөрүп, санжыргалуу улуу көчтү улап келишти. Кыргыз санжырасын сактаса, санжыра кыргызды сактайт. Кыргыздын бейиштин төрүндөй керемет жерине, андагы кен байлыктарга кызыккан нечен дүшмандар ар кандай айла амалдар менен кыргыз улутун жок кылып жерибизди ээлеп, элибизди кулга айлантуу аракеттерин көрүшкөн. Мындай аракеттер бүгүн деле токтоп калган жок. Сырткы, ички душмандарыбыз бүгүн да бар. Дүйнөлөшүүнүн каардуу бороону улам күчөгөн доордо жашап жатабыз. Биздей аз сандуу улуттарды тарых бетинен жок болот дешип ачык айткандар да болууда.

Урматтуу Оң, Сол, Ичкилик урууларынын өкүлдөрү! Түбү бир атадан тараган бир тууган улутташтар! Кыргыз мамлекети өз алдынча эгемендикке жетишкен бүгүнкү тарыхый шартта биздин ички ынтымагыбыздын кыттай уюп, биримдигибиз бекем болушу өзгөчө керек болууда. Келечек муундарыбызга эгемен өнүгүп гүлдөгөн мамлекетти калтырыш үчүн биз бүгүн кызмат өтөшүбүз керек. Чогулуп, Долон бий атага арнап окулган курандын түпкү мааниси ушунда турат. Ата арбактарыбыздын шапааты тийип, ынтымагыбыз бекемделсин. Душманга колтук ачпайлы дегенди тилек кылуудабыз. Ички ынтымагыбыз бекем болсо бизге душман баш бага албайт. Мамлекеттин, Улуттун кызыкчылыгы, Мекендин бүтүндүгү дегенде кыргыздар жеке керт баштын кызыкчылыгын унутуп бир түндүктү тиреген ууктай биригээрин нарк, салтка айландырып кийинки муундарга калтыралы. Мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы ыйык экенин өсүп келаткан жаш муундарга үйрөтөлү. Күч бирдикте! Күч нарк, салты, тилди-дилди сыйлашта! Күч өткөн тарыхты ыйык тутуп келечекке кам көрүштө! Ынтымагыбызды ажырагыз кылып бекемдейли! Түпбашаттан келе жаткан улуу көчтү татыктуу уланталы!

Бүгүнкү руханий иш чаранын катышуучулары Долон атабызга куран окутуу менен бирге, бабалардын бизге калтырган санат-насыяаттарын эстутумга бекем түйүп, бакыт башаты биригүүдө экендигин жадыбыздан чыгарбай жалпы журтка төмөнкүдөй чакырык-сунуштар менен чыгабыз:

1.Жыл сайын 29-сентябрды жалпы республика боюнча “Улуттук ынтымак күнү” катары кеңири белгилөөнү сунуштайбыз.

2.Кеңешип маселе чечүүнүн маданияттуу жолу, салттуу эл башкаруунун үлгүсү, адилеттиктин кепилдиги катары Курултай институтун мыйзамдаштырууну туура деп эсептейбиз.

3.Акыркы учурда коомдогу тирештин күчөшү мамлекеттүүлүккө кооптуу кырдаал жаратып жаткандыктан, эки жолу болуп өткөн элдик революциядан сабак алып, мамлекеттик бийлик башчыларын, коомдук-саясий күчтөрдүн лидерлерин, жалпы эле жамы журтубузду кандай гана татаал маселе болбосун күч колдонбой, мыйзам чегинде жана ата бабалардын салтына ылайык кеңешүү, сүйлөшүү аркылуу чечүүгө чакырабыз!

Доолон бийден тараган оң, сол, ичкилик урууларынын урпактары

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: