Кыргызстанда иштеп жүргөн пенсионерлердин 90% мамлекеттик мекемелерде эмгектенишет. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин отурумунда Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирген.
Анын айтымында, өлкө боюнча 40 миң пенсионер айлык акы алып иштешет. Мыйзам боюнча мамлекеттик мекемелерде 65 жашка чейин иштөөгө уруксат берилген.
“Көптөгөн жетекчилер мындай кызматкерлерге сый-урмат менен мамиле кылышат, алар ошондуктан иштешет. Андан сырткары, алар жаш муунга өзүнүн тажрыйбасын өткөрүп беришет,” – деп белгилеген премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
Буга жооп катары депутаттар иштеп жаткан пенсионерлерди пенсиясынан толугу менен же же базалык бөлүгүнөн ажыратууну сунушташты. Өкмөт башчы бул сунуш тууралуу ойлонуп көрөөрүн билдирген.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ