Menu

Фото – КРдин Венгриядагы Элчиси Бакыт Джусупов менен Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары Жолт Чутора эки тараптуу жолугушту

Бөлүшүү:

2018-жылдын 5-июлунда Будапешт шаарында Вена шаарында резиденциясы жайгашуу менен КРдин Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Джусупов Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары Жолт Чутора менен эки тараптуу күн тартибинин жана 3-ДКОго венгер делегациясынын катышуу  маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер комиссиясынын өкмөттөр аралык биринчи жыйынын 2018-жылы өткөрүүнүн болжолдуу мөөнөтүн жана аталган жыйындын алкагында кыргыз-венгер бизнес форумун уюштуруу мүмкүнчүлүгүн макулдашты. Ошондой эле Венгриянын ЖОЖдорунда окууну каалаган КРдин жарандары үчүн квоталык орундарды көбөйтүүнү практикалык ишке ашыруу маселеси талкууланды. Ар тараптуу кызматташтыктын алкагында, элчи  Б.Джусупов венгер тарабына 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Туруктуу эмес мүчөлүккө КРнын талапкерин колдоо өтүнүчү менен кайрылды. Ошондой эле элчи  Б.Джусупов венгер дипломатын 3-ДКОго даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымдады жана Венгрияны спорт жана маданий делегацияны катышуу үчүн жиберүүгө багыттады. Өз тарабынан, Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары, анын өлкөсү өзүн бийик деңгээлде тааныштырарына ишендирип өттү.

Ошол эле күнү элчи Б.Джусупов Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин экономикалык кызматташтык боюнча департаментинин жана туристтик дипломатия боюнча департаментинин жетекчилери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө ӨАКтын пландалган биринчи жыйынынын алкагында конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу жана инвестиция, кош салык салуудан качуу жана туризм жаатында кызматташтык чөйрөсүндө эки тараптуу макулдашууга кол коюу талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: