Menu

Бийликтин кадр саясатына ыйлаарыңды же күлөөрүңдү билбейсиң

Бөлүшүү:

Өткөн жумада Кудайдан кийин эле Атамбаев экенин эл чогулган жерде эскертип турган Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кызматынан кетти. Эми ордуна ким келет деген маселе коомдо кызуу талкууланып жатат. Ал арада Ош облусунун жетекчиси Таалайбек Сарыбашев мэр болот экен, жогору жак менен сүйлөшүлүп чечилип калыптыр деген сөздөр айтылууда. Акчанын күчү менен базардан түз эле Ош облусунун башчысы болуп келген Сарыбашев көзгө көрүнөөрлүк иш кылган жок. Жардамчысына күндөн калкаланып зонтик көтөртүп койгону менен гана таанылды. Эми болсо Ош шаарынын эки тизгин, бир чылбырын алайын деген экен. Кызыгы, жогорку билимдүү экенин аныктаган диплому кайда калганын билбеген Сарыбашев шаарды кантип башкарат? Диплому жерге кирсин, Ош облусун гүлдөтүп койсо бир жөн эле… Ыйлаарыңды же күлөөрүңдү билбейсиң. Ушундай мажүрөө кадрлар менен аймактарды кантип өнүктүрмөк элек?..

Булак: “Фабула” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: