Menu

Коомду өзгөртчү интеллегенция жандүйнөсү жарды, жарамсыз болуп калдыбы?

Бөлүшүү:

Бир аптадан ашыгыраак убакыттан бери музейдеги окуя тууралуу катуу талкуу жүрдү. Үн катпаган бүгүнкү интеллигенция өкүлдөрү тууралуу да терс пикирлер айтылды. «Коом түздөнө турган мыкты адамдар калбай баратат» деген да кептер кетти. «Музейдин арты менен бир топ өйдө-ылдый кептер болду. Сиз жагдайга кандай пикирдесиз? Учурда коом түздөнө турган адамдарыбыз барбы?» деген соболду айрым интеллигенция өкүлдөрүнө узаттык.

Калдарбек Абдраманов, башкы кардиохирург:

– Бул окуя биздин коомдун жалпы аң-сезими, деңгээли чаржайыт экенин көрсөттү. Коомдук аң-сезимдин деңгээли менен мамлекет, коомдун өсүү деңгээли аныкталат. Элдин 95%ы бул көрүнүштү адепсиздик, улуттук аң-сезимди иритүү аракети, кылымдардан калыптанган нукура улуттук адеп-ахлак, аалам таануу эрежелерин жокко чыгаруу аракети катары баа беришти. Мен диний көз караштагы, диний маданият адамдарын айтпай эле койдум.

Жакшы жагы, окуя кээ бир коомдо аттуу-баштуу, акыл-эстүү деген инсандарыбыздын ички дүйнө таануу деңгээлин ачып көрсөтүп койду. Энеден туума жылаңач аялдын көчөгө чыгышын өтө бийик маданиятка, белгилүү сүрөтчүлөрдүн сүрөт искусствосундагы шедеврлерге теңеп жиберишти кээ бир «жасалма философиялык ойчулдар».

А мен бул окуяны чектен чыккан адепсиздик, улуттук аң-сезимге бүлүк салып, мамлекетте жашаган элдин 95%ын маскаралоо катары эле эсептедим.

Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер:

– Албетте, коом түздөнө турган адамдар бар жана алар элибиздин ичинде өтө эле көп. Алардын дээрлик баардыгы жанагылар «чанып» жаткан айылдыктар! Парадокс ушунда турат да! Мен өзүм айылда чоңоюп, калыптангам. Болгондо дагы чоң атамдын колунда. Элибиздин каада-салты мага өмүр шерик болуп сиңип калган. Мен муну менен сыймыктанам. Анткени, мен илим жолуна түшүп, чоң ийгиликтерге жетиштим. Бирок, акыл сурап, көөдөнүмдү басыш үчүн тынбай айылдан кабар алам. Айыл мага дем берет! Акыл менен даанышмандык жана айкөлдүк баары айылда! Шаардын интеллигенциясы биротоло эле «жылаңач прагматик» болуп калышкан. Байлыктын кулу болгон интеллигент сөрөйлөр канча?! Ошондуктан, көпчүлүгү кечээги музейдеги окуяларга көз далдоо кылышып, из жашырышып, коңулга кирип кетишти. Биздин трагедиябыз ошондой шоркелдейлерде. Эртең эле бийлик өзүнө колдоо иретиндеги чакыруу жасаса, алдыңкы катарга барып тура калышат! Коом карап түздөнө турган адамдарыбыз ар бир окуяны адилет баалап эле пикирлерин айтып келе жатышпайбы! Бирок, убакыт өткөн сайын алардын саны азаюуда!

Ташболот Балтабаев, коомдук ишмер:

– Коом ар түрдүү көз караштагы адамдардан турат. Коомду «баланчага карап түздөн» десең, бирөө «туура» десе, экинчиси ага түкүрөт. Үчүнчүсү «мага баары бир» дейт. Ошондуктан, мен бул талашка катышкандын кажетин көрбөй турам. Негизгиси, кыргыздын салт-санаасына, үрп-адатына жараша каралганы туура болот.

Кыяз Молдокасымов, тарыхчы:

-Жиниккен коом, идеяга жарды интеллегенция… Долулук күчөдү. Баалуулуктар башаламандыктын төө бастысында калды. Жандүйнөнү эле эмес, куттуу жерлерди да жылаңачтык ээлей баштады. Жектеп келген «сабатсыздык» доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес! Коргоол акын кокусунан аялзатынын кызыл ашык томугун, же бакайын көрө калып, «ак бакайын» чыгарган доор азыркыга караганда алда канча абийирдүү болгонун айласыздан айтканга туура келди. Көрсө, ал учурда кыргызда нарк, салт, абийир алда канча бийик сакталган мезгил тура! Нарк, салт, абийирден ажыраганда кыргыз улуулугунан куржалак калып, Санчы сынчы, Калыгул айткан майдаланган элге айланган мезгилди теминип жаткан окшойбуз. Алардын баарын туура жолго салып, жол көргөзгөн интеллигенциянын көзү кежигесине өтүп, тагдырыбызды калчаган саясый элита чындап чимкирикке айланганы ыраспы?! Жиниккен коомду жөнгө салчу, өрнөк болчу, сөзүн айтчу, жол көргөзчү, керек болсо коомду өзгөртчү интеллигенция жандүйнөсү да, идеясы да жарды болуп, жарамсыз болуп калдыкпы?

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: