Menu

Алмазбек Атамбаев камеранын сууктугуна нааразычылыгын билдирди 

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-октябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлери СИЗО-1де жаткан Алмазбек Атамбаевге барышты. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Алмазбек Атамбаев биринчи кабатта жайгашкан төрт орундуу камерада жатат. Аны жанында дагы бир адам жатат. Сүйлөшүү учурунда Атамбаев кармоо шарттарына, атап айтканда камеранын сууктугуна нааразы болду.

Ал ачкачылык жарыялаганын себебин Батукаевдин иши боюнча сот процесстери жабык эшик артында өтүп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Эске сала кетсек, 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында аны кармоо операциясы УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, ишке ашпай калган. Эртеси, 8-августта Атамбаев өзү колго түшүп берип, УКМКга жеткирилген. Атамбаев үч кылмыш ишине: Кой-Таштагы окуялар, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, ошондой эле мыйзамсыз баюу иши боюнча тиешеси бар. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү ал УКМКнын абагынан бошотулуп, бирок 10-октябрда кайрадан кармалып камалган. 

Жогорку Сот 21-октябрда Атамбаевдин Батукаевдин ишине байланыштуу өкүмүн карашы керек болчу, бирок сот отурумун 16-ноябрга жылдырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: