Бүгүн, 20-мартта Саламаттыкты сактоо минисртлигинин басма сөз кызматы таажывирусун жуктуруп алган Сузак районунун тургундары менен байланышта болгон адамдардын санын айтты.
18-мартта Кыргызстандын аймагында биринчи жолу таажывирус аныкталгандан кийин, дарыгерлер бейтаптар менен байланышта болгон адамдарды издеп башташкан.
142 адам табылып, алардын бардыгы обсервацияга жаткырылган. (Булар Сузактын тургундары менен бирге учакта учуп келген адамдар).
Жалал-Абад облусунда – 48,
Ош облусунда – 63,
Баткен облусунда – 8,
Нарын жана Ысык-Көл облусунда – 1,
Чүй облусунда – 4, Бишкек шаарында – 19.
Мындан сырткары, аталган бейтаптар менен байланышта болгон жарандардын өздүгү такталды.
Жалал-Облусунан – 1414,
Ош облусунан – 195,
Баткен облусунан – 525,
Чүй облусунан – 84,
Бишкек шаарынан – 65,
Кочкор районунан – 8,
Нарын облусунан – 1,
Ысык-Көл облусунан – 1.
Булардын бардыгы үй карантинине алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Ноокат районунун 3 тургунунан таажывирус аныкталганын Космосбек Чолпонбеав бүгүн, 20-мартта онлайн-маалымат жыйынында билдирген. Алар дагы умрадан келишкен. Азырынча алар менен бир учакта 282 адам учуп келгени белгилүү. Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги, ӨКМ жана ИИМ алар менен байланышта болгон адамдыр издеп жатат.
Азыркы учурда Кыргызстанда таажывирусту жуктуруп алгандардын саны – 6. Сузак районунан – 3, Ноокат районунан – 3 адам.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ