Menu

Кара-Балта шаарында “Биримдик” партиясынын штаб башчысы, депутат Арсен Байсариевди белгисиз адамдар сабап кетишти

Бөлүшүү:

Кара-Балта шаарында шаардык кеңештин депутаты Арсен Байсариевди сабап кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыкты.

Байсариев Арсен Русланович 2018-жылдын 28-январында өткөн кезексиз шайлоодо Кара-Балта шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. Билим берүү, жаштар иштери, маданият, спорт жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү.

Азыр ал, айрым маалыматтарга караганда, Жогорку Кеңешке шайлоодо “Биримдик” саясий партиясынын шаардык штабын жетектейт.

Окуя 25-сентябрдан 26-сентябрга караган түнү Ковровщиков кварталынын аймагында болгон – белгисиз адамдар Байсариевди сабап салышкан. Алар аны бетке уруп, жаагын сындырышкан. Ошондой эле, ал ооруканага жаткырылган.

Белгилүү болгондой, 1989-жылы туулган Байсариев көп жылдар бою бокс менен машыгып келген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: