Menu

Айбек Мырза, активист: Саясий күчтөрдүн башын бириктирип, ачык диалог түзөлү деп жатабыз

Бөлүшүү:

—Айбек мырза, курултай өткөргөнү турупсуңар, максаты эмнеде?

—Максат эл менен бийликти жакындатуу. Саясий күчтөрдүн башын бириктирип, ачык диалог түзөлү деп жатабыз. Жаз айында улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдиги бир топ көйгөйлүү маселени көтөрүп, Дача Судагы кырсыкка ким айыпкер экенин, улутташтырылган объектилердин, «Кумтөрдүн», саясий негизде соттолгондордун тагдыры кандай негизде чечиле тургандыгы боюңча суроо койгонбуз. Армения лидери Пашинян дагы 3 ай өткөндө аянтка чыгып элге отчет берди. Мына президентибиздин иштегенине 1 жыл болот. Элге отчетун берсин, алдыда кандай максаттары бар экенин коомго чыгарсын деген маселени көтөргөнбүз. Мунун пайдасы гана болбосо эч кандай зыяны жок. Чогулган эл дагы өз баасын берип, кемчилдиги болсо басабелгилеп, артыкчылыгы болсо ачык айтсын деп жатабыз. Ошону менен бирге экс-ажо Алмазбек Атамбаев иштеген 6 жылды талкуулайлы деген тилек бар, анткени анын чоң былыктары чубалып чыкты. Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин ишине да баа берүү зарыл деген ойдобуз. Эң негизги максаттардын бири курултай институтун Конституцияга киргизүү жана паспортко улут графасын калтыруу.

—Президенттин алгылыктуу иштери болдубу?

—Буга чейин колтийбес болгон премьер-министрлер менен чоң-чоң кызматтагы кишилердин темир тор артында сурак берип жатканы жакшы саамалык десек болот. Кошуна мамлекеттер менен мамилени оңдогону да ири ийгиликтердин бирине кирди. Ошондой эле жарандык коом менен ачык мамиле кылып, үнүн угуп, чечкиндүү кадамдарга барып жатканы да жакшы таасир жаратты. Албетте, эл чогулса кемчиликтер дагы айтылат, эмнелерди оңдоо керектигин билгенге аянтча түзүлөт. Азыр биз көптөгөн саясий күчтөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кайда, качан өткөрө турган дыгыбызды, күн тартибин талкуулап жатабыз. Көптөн бери чоң форматта жыйын боло элек. Буюрса баардык бийлик бутактарын чакырабыз.

—Бул курултай мурунку президент Алмаз Атамбаевдин долбоору эмеспи?

—Биз эч бир саясий күчтүн камчысын чаппайбыз. Улуттук-мекенчил күчтөрдүн бирикмеси катары ишибизди жүргүзүп келгенбиз. Курамында А.Келдибеков, И.Исаков, А.Бекназаров, Э.Каптагаев, К.Дүйшөбаев, А.Мадумаров, РЖээнбеков сындуу саясатчылар бар, тагыраак айткан да Атамбаевге эч кандай тиешебиз жок. Жеке мен өзүм Атамбаев менен 6 жыл күрөшүп келдим го, акыр аягына чейин турдум.

—Алмазбек Атамбаев катышып калышы мүмкүнбү?

—Катышам десе жол ачык.

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: