Бир жумадан бери кыргыз-өзбек чек араларындагы ызы-чуунун аягына чекит коюлбай келет. Өкмөт башчы, чек ара кызматы, коргоо комитети жана башка тийиштүү органдар туура болсо да болбосо да өз ойлорун айтып жатышат. Бир канча күн өтсө дагы Жалал-Абаддын губернаторунан дайын жок.
Өткөндө өкмөт аке менен бир жүргөнүн көргөн бойдон, жашыл акчанын өңүндөй эле жоголду. Ыйгарым укуктуу өкүлү катары эл алдына, массалык маалымат каражаттарына чыгып бир нерсе дей албаган өкүлдү өкмөт «кислородун» кысып койгонбу же өзүнө келе албай атабы?
Булак: “Де-факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ