Menu

“Ай тамга Солто” коомунун курултайына катышкан 670 делегаттын бири да кыргыз мамлекеттик гимнине үн кошо алган жок

Бөлүшүү:

3-мартта баш калаанын ири коомдук тамактануу жайларынын бири эсептелген “Ала-Тоо” ресторанында “Ай тамга Солто” коомунун кезектеги 4-курултайы өткөрүлүп, күн тартибине ылайык жаңы төраганы шайлоо, Чүй өрөөнүндөгү социалдык, экономикалык жана саясий проблемалар сыяктуу маселелер талкууга алынды.

Коомдун төрагасы, аксакал академик Карыпбек Алымкулов милдетин тапшыргандыгына байланыштуу анын ордуна жалгыз талапкер Бакыт Кудайбергенов жана анын 2 теңтөрагасы бир добуштан шайланды.

Курултайда чыгып сүйлөгөндөр тарабынан соңку 30 жылда башаламан ички миграциянын айынан Сары-Өзөн-Чүйдө болуп көрбөгөндөй чоң: бала-бакчаларга, мектептерге, медициналык мекемелерге, айыл чарба багытындагы жерлерди пайдаланууга, экологияга байланышкан проблемалардын пайда болгондугу баса белгиленди.

Эгер республика боюнча 1,2 миллион айдоо аянттары болсо, анын 420 миң гектардан ашууну Чүй облусунда экендиги, Бишкектин айланасында басмачылык мезгилинде пайда болгон, башаламан жайгашкан 50дөй жаңы конуштардан улам, Чүй облусуна тиешелүү болгон мол түшүмдүү 15 миң гектар сугат жерлери жок болгондугу, Бишкектеги курулуш максаттарында Чүйдүн бейиштей болгон адырлары менен тоолору ырайымсыздык менен талкаланып, таланып жаткандыгы айтылды.

Жогорудагылар менен бирге чыгып сүйлөгөндөр тарабынан союз кезинде Боом капчыгайынан башталып, Бишкекке жетип токтоп калган Түштүк Чоң Чүй каналынын курулуп бүткөрүлүшүн жандандыруу, Чүй аймагындагы дарыялардын эсебинен бир нече суу сактагычтарды куруу, Бишкек – Кара-Балта жолунун реконструкциясын тез арада бүткөрүүнү колго алуу сунуштары айтылды.

Курултайда көтөрүлгөн актуалдуу маселелер боюнча Президентке, Өкмөткө жана Жогорку Кеңешке кайрылуу кабыл алынды.

Курултайда А. Жумагулов, Ж. Сааданбеков, А. Бөрүбаев, М. Абдылдаев, Т. Сариев ж.б. “Ай тамга Солто” коомуна кирген жана кирбеген атактуулар чыгып сүйлөштү.

Кошумча айтып кете турган нерсе – орчундуу маселелердин бири кат-ры – Солто уруусунан чыккан кесипкөй, татыктуу жаштарды мамлекетти башкаруу ишине тартуу сунушу кайрылуунун долбооруна киргизилгендигине карабастан, негедир бул маселени эч ким көтөрүп чыккан жок. Кыргызстандагы солтомун дегендердин саны 500 миң кишиден ашуун экендигин эске ала турган болсок, долбоордо белгиленген бул сунуш мыйзам ченемдүү нерсе.

Курултайда көтөрүлгөн маселелер орчундуу жана колдоого татыктуу. Өкүнүчтүү жери – өткөрүлгөн иш-чарага 670 делегат катышкандыгына карабастан, анын башында жана аягында жаңырган мамлекеттин гимнине дээрлик эч ким үн кошо алган жок.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: