Menu

Бишкек четинде жаңы салына турган акыр-чикир полигондун артында кандай акчалар бугуп жатат?

Бөлүшүү:

2019-жылдын май айында Бишкекте жаңы санитардык полигондун курулушу башталды. Долбоор боюнча жумушту Ehitusfirma Rand ja Tuulberg AS эстон компаниясы кылууда.

Бул эмне деген компания, уюмдун негиздөөчүсү Таллин мэрине пара бергени боюнча айыпталганы сыяктуу жагдайлар көптөгөн суроолорду жаратат.

Тендердин “жашыруун сырлары”

Жаңы полигондун курулушуна тендерди 2017-жылы июлда жарыялашкан. Ага үч чет элдик компания катышып, кыла турган жумуштарынын баасы анчалык деле айырмаланган эмес:

Түрктөрдүн Gökşin Inşaat San Tic Ltd Şti компаниясы 8 756 011 евро;

Кытайлардын Top International Engineering Corporation (TIEC) компаниясы– 8 686 602 евро;

Эстондордун Ehitusfirma Rand ja Tuulberg AS компаниясы – 8 442 946 евро (кийин 7 538 345 млн еврого чейин түшүрүшкөн) сунуш кылган.

Тендердик комиссия эң арзан бааны сунуш кылгандыктан, эстон уюмун тандап алышкан. Комиссия Бишкек шаардык депутаттардан, “Бишкек санитардык полигону” (БСП) ишканасынын кызматкерлеринен, мэрия аткаминерлеринен жана “Тазалык” ишканасынын кызматкерлеринен турган.

Эски акыр-чикирди рекультивациялоо (жерди экологиялык жана экономикалык жактан калыбына келтирүү) тендерине кайра эле ушул компаниялар катышкан. Түрк компания 2 млн 445 миң евро, ал эми эстондор 1 млн 597 миң евро сунуш кылышкан.

Ошентип өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгында келишимдин суммасы жаңы полигон үчүн 7,5 млн еврону, ал эми эски полигонду тазалоо – 1,5 млн еврону түзгөн. Бул тууралуу катуу калдыктарды башкаруу боюнча долбоорду жүзөгө ашыруу бөлүмүнүн башчысы Адилет Маматов айтып берди.

Башынан эле биз Европалык реконструкция жана өнүгүү банкынан (ЕРРБ) тендерлер жөнүндө бардык маалыматты сураган элек. Бирок ЕРРБнын өкүлдөрү кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартып коюшкан. Биздин угушубузча, бизге маалымат берер алды ЕРРБ мэрия жана “Бишкек санитардык полигону” менен сүйлөшүшкөн, беркилер макул болгону менен ЕРРБ маалымат берүүдөн качып койду.

Белгилей кетсек, банктын башкы бетинде “ачык базар экономикасына өтүүгө өбөлгө болгон долбоорлорго, ошондой эле жеке ишкердиктин өнүгүүсүнө инвестиция кылабыз” деп жазылып турат. Анда эмнеге банк бул маселени ачык көрсөткүсү келбейт?

“Тандоонун критерийлерине туура келбейт”

Ehitusfirma Rand ja Tuulberg AS уюмунун сайтында алар 1993-жылы негизделгени жазылган. Көпчүлүк объектилерди алар Эстониянын аймагында жана бир нече ирет Латвияда курушкан. Ушунча жылдан бери иштеп келатып, бул компанияда эл аралык долбоорлор болгон эмес, болгондо да акыр-чикир полигонун куруу боюнча. Кыргызстан ал тизмеде алгачкы болуп жатат. Муну фирманын башкы кеңсесинде да ырасташты.

Бүгүнкү күнгө карата Ehitusfirma Rand ja Tuulberg AS Бишкектин эң абройлуу бизнес-борборлорунун биринде өз кеңсесин ачышты, жергиликтүү субдодрядчикти жалдап, курулуп жаткан полигондун жанына оперативдүү базаны түздү да, техниканы киргизди.

КРнын Юстиция минитрлигинин базасында Ehitusfirma Rand ja Tuulberg Asнын Бишкектеги филиалын Яанус Пеэт жетектейт. Анын ишмердүүлүгүнүн негизги түрү – жарандарга арналган башка объектилерди куруу болуп эсептелет.

Акыр-чикир полигондорду куруу тармагында компаниянын мүмкүнчүлүгү боюнча суроолор жаралат. БСПдан айтышкандай Бишкек шаардык кеңешинин бир депутаты эстон компаниясына караманча каршы болгон экен. Ал бул уюм тандоо критерийлерине туура келбестигин, болгону акыр-чикир талааларын жабуу менен гана алек болгонун, бул боюнча эч кандай курулуш кылбаганын жана эски полигондогу жерди экологиялык жана экономикалык жактан калыбына келтирбегенин айтып чыккан экен.

Биз эстон компаниясынын филиалына барып, Яанус Пеэт менен маектешип келдик. Анын айтымында, акыр-чикир полигондорун курууда чоң тажрыйбага ээ экен, бирок жалаң Прибалтика өлкөлөрүндө курушуптур. Бирок “Ehitusfirma Rand ja Tuulberg AS компаниясы жаңы полигон курганбы, эски полигондогу жерди экологиялык жана экономикалык жактан калыбына келтиргенби?” деген түз сурообуздан буйтап кетти. Алардын тажрыйбасы тууралуу башкы кеңсесине суроо жөнөтсөк, жооп берүүдөн баш тартып коюшту.

Эстондуктарга караганда, тендерге катышкан Gökşin Inşaat San Tic Ltd Şti компаниясы дал ушул акыр-чикир полигондорун куруу менен адистешкен экен. 25тен ашык долбоорду жүзөгө ашырыптыр. Ал эми эстондор өз билдирмесинде 3 гана долбоорду мисал келтиришкен: Кохтла-Ярве шаарында эки жана Пену шаарында бир долбоор. Аларын да текшерген жан болбоптур.

Өзүбүз изилдеп көрүп, өнөр жай калдыктарын жабуу жана метан газынан чыккан калдыктардагы өрттү өчүрүү боюнча эки долбоорду жүзөгө ашырышыптыр. Дал ошол Кохтла-Ярве шаарында. Пенудагы полигон жөнүндө маалымат таба алган жокпуз.

Тажрыйбалуу түрктөр келип олтурса, эмнеге эстондорду тандап алганыбыз эч түшүнүксүз. Же башка себептери да барбы?

Эстон компаниясынын ээсине болгон паракорлук боюнча кылмыш иши

Бул эстон уюмунун аброю да сүттөн ак эмес экен. Эстон ММКлары жазгандай, Ehitusfirma Rand ja Tuulberg AS компаниясынын кош ээси, кеңеш мүчөсү Айвар Туулберг – Таллин мэрине пара берүү боюнча кылмыш ишинин катышуучусу.

2014-жылы Туулберг Таллин (Эстония) мэри Эдгар Сависаарга 80 миң евро пара берген. Ал ызы-чуудан кийин мэр кызматынан алынган. Анда да бул компания тендерге катышып, конкурстан атаандаштарды алып салууну суранган. Ал пара берүүнү Туулдерг өзү тендерге аралаштырбагыла деген. Бул иш боюнча тергөө амалдары дагы эле жүрүүдө.

Өз кезегинде жаңы полигонду, ага кире турган жолду, электр, суу менен  камсыз кылуу иштерин кошкондо, 2020-жылдын ортосуна чейин бүтүрөбүз деп турушат. Көз салып туралы. Акыр-чикирди коопсуз көмүү жана экологияны коргоо үчүн жерде атайын аң казылат, ага 2 млн 300 тысяч тонна калдык батууга тийиш. Бирок болжол менен 10 жылдан соң ал толугу менен толуп, башкалаабыз кайрадан жаңы полигонго муктаж болот.

Бул маселени Жогорку Кеңештин депуттары да козгоп, керек болсо депутаттык комиссия түзүп, парламент жыйынында карашса, көп нерселер ачыкка чыгат беле?..

KyrgyzToday.kg кыргызчылады

Булак: bars.media

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: