Menu

Бабановдун таасири Кыргызстандын бардык аймагын камтый баштады…

Бөлүшүү:

Азыр, ушу тапта Ө.Бабановдун кадыр-баркы Кыргызстандын дээрлик аймактарында байкала баштады. Кааласак да, каалабасак да түрдүү божомолдорго, сурамжылоолорго кулак төшөсөк ушундай картина тартылууда. 1917-жылдын, тойус 2017-жылдын октябрь айында өтүүчү президенттик шайлоодогу эң башкы талапкерлердин бири экенин да моюнга алганыбыз эп. Өткөн Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо “биз 65 мандатка ээ болушубуз керек” – деп айта салып, Ак үйдөгү “касиети күчтүү” адамдын каарына калып парламенттеги бир да комитетке ээлик кыла албай четте калган. Эми минтип оппозицияга ыроолонгон эки комитеттин башчылыгына болгон шайлоодо эки комитетти тең Бабановдун командасы утуп чыкты. (Бюджет жана финансы боюнча комитети менен кылмыштуулук менен күрөшүү жана укук тартиби, коррупцияга каршы күрөшүү комитеттери). Аны менен бирге спикердин оң жагында олтурган вице-спикер айым дагы Ө.Бабановдун фракциясынан. Ал эми ушу тапта саясий серепчилердин пикирлеринде жогоруда айтып өткөн президенттик шайлоого карата генералдык репититция катары каралып жаткан 11-декабрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо да Бабанов­дун партиясы өтө активдүүлүгүн көрсөтүшүүдө. Башкача айтканда республика боюнча 22 аймакта шайлоо өтө турган болсо Ө.Токтогуловичтин партиясы 21 аймакта өз талапкерлерин алып чыкты. Саясатта “биттин ичегисине кан куйгандай” анын айлакерлиги ушу тапта кыймылга келип, акыркы бир айдын ичинде таскагы да уламдан-улам катуулай баштады. Кудум “Манас” эпосундагы “Тайторунун чабышындай” болуп. Ошондо карасаң Семетей минген Тайтору бир караганда алтымыш аттын соңунда араң келе жаткан болот. Апасы Каныкейдин санаасы санга бөлүнүп бир аздан соң кайра турнабай салып караса алтымыш аттын бир тобун артка калтырып, бир башкача чуркап келе жатканын көрөт. Акыры Тайтору башка күлүктөрдү кыйла артка таштап марага биринчи келет. Ошол сыңары Бабанов кокустан тайгаланып кетпей, азыркы табын дагы күчөтө берсе “Өмүрбек Бабанов Кыргызстандын эң башкы бийлигине чыгып кетүүсү мүмкүн” деген эл арасындагы пикирлер да (реалдуу турмуштун призмасы менен караганда) чыны менен эле ошондой болуп калышы да мүмкүн. Ушундайда ар кандай окуялар эске келет экен. Мисалы, тээ 2011-жылдагы президенттик шайлоодон көп өтпөй эле Мариям Абдыкеримова аттуу көзү ачык, элдик дарыгер: “саясатта чоң өзгөрүү болот. Учурдагы саясий лидерлердин өз иштерин так аткара албагандыгынын айынан чоң чыр чатактар чыгат. Аткаминерлердин өз ара тирешүүлөрү күч алып, бирин-бири тактан кулатууга аракеттер көп болот. Бийликтеги адамдардын өз ара сөзгө келише албагандыгынан, ыңкылаптын кайталануусу бийликтин алмашуусуна да алып келиши мүмкүн” дегени бар. Ал эми ошол эле учурдагы сурамжылоодо экстрасенс, гипнолог Манап Казиев өз божомолунда төмөндөгүлөрдү билдирген. “Бара-бара бийликтегилерге карата жаңы күчтөр топтолот. Алар өлкөнүн андан ары да арылануусуна жаңы жолдорду курат. Талас өрөөнүнө кут түштү. Бул кийинки ажолукка таластык жаш жигит келет дегендиктин белгиси. Ага, “Алтын казык” жылдызынын нуру жарык берип турат. Ал жигит келечектеги оң жагынан жолборс жандаган Эл башы болот” деген эле. Албетте, булар балким тек гана божомолдор болушу мүмкүн. Болгону бүгүн хан сарайда болуп жаткан ар кандай кырдаалдардан улам ушундай жоромолдор эске келет экен.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: