Menu

“Ата-Мекен” фракциясы жаны конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо маселесинен кабар алды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-ноябрда “Ата-Мекен” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйыны болду. Анда “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, бул боюнча Тышкы иштер министрлигин жана Мамлекеттик миграция кызматынын баяндамалары уктурулду.

Ошондой эле жыйында, фракция мүчөлөрү Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айыл аймагынын “Ак-Ордо”, “Ала-Тоо” жана “Тынчтык” конуштарын электр менен жабдуу кырдаалы боюнча Сокулук районунун мамлекеттик админстрациясынын жана “Түндүкэлектр” ААКсынын өкүлдөрүнүн  маалымат алышты. Белгилүү болгондой, учурда аталган конуштар электр энергиясы менен камсыздалып, толук жарыктандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, буга чейин Ак-Ордо-3 жаңы конушунун тургундары Ак үй алдына митингге чыгышып, жеринин “кызыл китеби” алына элек болгондуктан электр тарттырууга уруксаты жок болуп жатканын, натыйжада 2,5 миңдей үй-бүлө суукта жарыксыз, жылуулуксуз кыйналып турганын билдиришкен.

Ал эми фракция мүчөлөрү дагы ушундай маселелер келип чыкпашы үчүн жерлерди мыйзамдаштыруу ишин тездетүү зарылчылыгын белгилешти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: