Menu

Видео – Келбети “Шрек” менен салыштырылган аялдардын мушташы: Аялдар бейбаштык үчүн 5 жылга эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Келбети “Шрек” менен салыштырылган аялдардын окуясы: Жалал-Абад шаардык соту эки аялды бейбаштык үчүн 5 жылга эркинен ажыратты.

Маалыматка ылайык, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 266-берене “Бейбаштык” боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, айыпталуучулар алкоголдук ичимдиктерди ичкенден кийин, Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районундагы алардын курбусу жашаган турак жайлардын бирине келишкен. Экөөнүн ортосунда кайым-айтышуу болуп, жабырлануучуну аялдар жерге жыгып, сабай башташкан. Мындан тышкары, болгон окуяны тасмага тартышкан.

Айыпталуучулар өздөрү менен кошо ашкана бычагын ала келишкен. Жабырлануучуну уруп, андан кийин кекиртегине бычак такап, өлтүрөм деп коркутушкан.

Сот отурумунда жабырлануучу аялдарды кечирбестигин айтып, аларга мыйзамдын чегинде жаза берүүнү суранган.

Иштин материалдарын карап чыгып, Жалал-Абад облустук сотунун судьясы К.Умөталиев айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратты. Өкүм күчүнө киргенге чейин бирөө камакта болсо, экинчиси үй камагында болот жана өкүм күчүнө киргенден кийин колонияга жиберилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: