Аты бар, заты жок “Өнүгүү” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев элге эмне айтсам да ишене берет деп ойлойт окшобойбу. Калк ичиндеги кадыр-баркы эбак кайтыш болуп кеткен Бакыт мырза аз күн мурун өзүнүн партиясын республикадагы эң алдыңкы 3 партиянын катарына кирерин, алдыда келаткан парламенттик шайлоодо сөзсүз жеңишке жете турганын айтып, көпчүлүктүн күлкүсүн да, кыжырын да келтирди. Акылга сыйбас мындай былжырак кептерди айта берүү саясатчылардын өзүнө эле керек болбосо, элге эч кереги жок. Эл андай шумпайлардан эчак тажап: “Желкемдин чуңкуру көрсүн”- деп итиркейин келтирип турган учур. Төрөбаев ошол “желке чуңкурунун” ичинде өзүнүн ириген саясаты менен ардактуу орун” алгандардын ана башында. Андыктан шайлоодо жеңишке жетем деп эмитен элирбей, “башка партиялардын артында калып тезек терем” деп койсо чыркыраган чындыкты айткан болмок. Тилекке каршы, амбициясына чек жок чала саясатчынын андай чындыкты айтууга духу жетпейт…
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ