Кытайдагы Ухань шаарында жайгашкан ооруканалардын биринен коронавирустун жаңы түрүнө чалдыккан дарыгер каза болду. Бул тууралуу Кытайдын South China Morning Post басылмасы жазып чыкты.
62 жаштагы дарыгерде коронавирустун биринчи белгилери 16-январда пайда болгон. 18-январда ал ооруканага жаткырылган.
Кытай бийлигинин айтымына караганда коронавирус илдетине 15 дарыгер чалдыккан. Ал эми басылмалар вируска чалдыккан врачтардын саны расмий билдирүүдө айтылгандан да көп деп жазышууда.
Кытайдын Thepaper.cn асылмасы Пекинде коронавируска чалдыккан эки адам айгып, оорукадан чыкканын жазып чыккан.
Азыркы учурда Кытайда жаңы вируска чалдыккандардын саны 1287 экени аныкталган. 41 адам каза болгон.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ