Учурда бензин баасы күн санап өсүүдө. Газпромдун күйүүчү майлары болсо сапатынын начардыгы жагынан алдыга чыкты. Муну ар бир айдоочу тастыктап берет. Көпчүдүк айдоочудардын айтымында, мурдагыга садыштырмадуу эки эсе көбүрөөк май жага башташкан. Алсак, мурдараак күнүнө 15 литрдей май короткондорго учурда 30-40 литр дагы жетпей калып жатыптыр. Ал эми КТРК каналы аркылуу көрсөтүлүп, макталган Бишкек шаарынын Алма-Ата көчөсү менен Горкий көчөсүнүн кесилишиндеги Газпромдун май куюучу бекетиндеги Аи 95 үлгүсүндөгү бензини Аи 85 болуп чыгыптыр. Бул тууралу видео тасма интернетке таркаган. Кыскасы ай деген ажо жок, кой деген кожо жок бул ишкана өз билгендерин кыла башташыптыр. Кызыгы, бул Газпром бир четинен өлкөдө спорт комплекстерди, аянтчаларды салып элдин башын айландырып, экинчи жагынан суук колун карапайым калктын капчыгына салып, тартынбай кетирген чыгымын эки эселеп чыгарып жатканында болууда. Кыскасы Газпром ишканасынын кыңыр иштерин жана өлкөдөгү күйүүчү майлардын ахвалы менен бааларын тыкыр иликтеш керек болуп калды. Болбосо жанагы Миллер деген неме Ажонун колтугуна кирип алып, кыргыздардын чөнтөгүн тешмей болду.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ