Кыргызстан тышкы донорлорго ар дайым муктаж болуп келет. Алардын жардамы менен бир топ иштердин бүтүп келе жатканы да жалган эмес. Ошондой донорлордун бири АРИС программасы экенин талашсыз. Бул проект Кыргызстанга 205 млн доллар бере турган болду. Анын алкагында АРИС Кыргызстанга 12 долбоорду ишке ашырат. Долбоордун жалпы суммасы 205 млн. долларды тузөт. Бул тууралуу агенттиктин аткаруучу директору Бекжан Супаналиев парламентте билдирди.
«Долбоор үч багытта ишке ашырылат: калктын суу-чарба кызматтарына болгон жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, тазалыкка 102 млн. доллар, айыл-чарба тармагын өнүктурүүгө – 57 млн. доллар, элет тармагын өнүктурүүгө – 46 млн. доллар жумшалат, – деп билдирди Бекжан Супаналиев.
Депутаттар АРИСтин ишмердүүлүгүн билүү үчүн, кызматты колдонуп жаткан элден баалоо критерийин иштеп чыгуу керек деген сунушун билдиришти.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ