Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри Мухаммедкалый Абылгазиев 27-июлда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өткөн Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Жыйында Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташууларын мындан аркы тереңдетүү маселелери каралды. Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушуусу өтүп, анда тараптар эки жактуу кызматташуу келечектерин талкуулашты.
Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйыны ЕАЭБ катышуучу-өлкөлөрүнүн: Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Өкмөт башчыларынын катышуусунда өттү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ