Өзбекстандагы Электрондук маалымат каражаттарынын улуттук ассоциациясы өткөн аптада өкмөттүк комиссия үч жаңы каналга лицензия бергенин кабарлады.
Ассоциациянын төрагасы Фирдавс Абдухаликовдун айтымында, «Зор ТВ», «Футбол» жана «Караван ТВ» телеканалдары ачылды. “Бул үч канал тен өлкө телеэфирине ар түрдүүлүк киргизип, жаңы өң берет деп ишенебиз”, деди ал.
Акыркы беш жылда Өзбекстанда «Кинотеатр», «Болажон» сыяктуу ондогон жаңы телеканалдар ачылган.
Учурда республика аналогдук телерадиоберүү форматын жоюу алдында турат. Калкты санариптик берүү менен камсыздоо дээрлик 90% түзүүдө.
Өлкөдө санариптик мультиплекстин курамында Өзбекстандын Улуттук телерадиокомпаниясына кирген 12 теле жана 4 радиоканал бар. Былтыр декабрдан тарта айрым региондордо жеке каналдар дагы санариптик форматта көрсөтүп баштаган.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ