Menu

Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева ремонт иштеринен кийинки Октябрь райондук сотунда болду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева комплекстүү капиталдык ремонт иштеринен кийинки Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун имараты менен таанышты.  Бул тууралу КР Жогорку сотунун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Р.Ибраимов жана Октябрь райондук соттун төрагасы Э.Чоткараев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымын Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун имаратында жасалган капиталдык ремонт иштеринен кийинки түзүлгөн шарттар  менен тааныштырышты. Имараттын сот отурум залдары, судьялардын жана сот аппарат кызматкерлеринин иш бөлмөлөрү ремонттолуп, имараттын сырты тегерете курчалып, жарык туташтырылган жана имараттын чатыры толугу менен алмаштырылган.

Ошондой эле, имараттын сырты жана ички бөлмөлөрү техникалык жабдыктар жана коопсуздук техникалары менен жабдылган: өрт-кароол, сигнал берүү системасы, ички уюлдук байланыш жана архив бөлмөлөрү автоматтык өрт өчүрүү системасы менен камсыздалган.

Мындан сырткары Финляндиянын тышкы иштер министрлиги менен БУУнун “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” биргелешкен долбоорунун  алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн зарыл болгон иштер аткарылды. Сот имараттарынын кире беришинде пандустар жана анын кармагычтары курулган, көзү начар көрүүчүлөргө зарыл болгон  контрасттык маркировкалар, тактилдик көрсөткүчтөр, Брайла тамгалары менен даярдалган маалымат такталары илинген жана кулагы укпаган же начар уккандар үчүн үн чыгаруучу маяктар орнотулган.

Ремонт иштери өлкөбүздө жүрүп жаткан сот реформасынын жана “2014-2017- жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” Мамлекеттик максаттуу программасынын алкагында ишке ашырылды.

Жогоруда белгиленген милдеттерди ишке ашыруунун алкагында 2014-2016-жылдары республика боюнча 26 жергиликтүү сот имаратында ремонт иштери жүргүзүлүп, 2016-жылдын аягына чейин 6 сот имаратында ички жана сырткы видео байкоо жана өрт өчүрүү системаларын орнотуу менен капиталдык ремонт иштери пландалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: