Menu

Камчыке кайра эфирде…

Бөлүшүү:

Буга чейин ак үйдүн тосмосун аша коюп, аласынан илинип калганга аз калган, 17 жоокер менен жоону чаап алган Чынгызхан аталган, Өтмөктө Өмүрбек Бабанов менен койнуларына кар салышып ойногон кадимки Камчы Ташиев акыркы күндөрү бийликке чек ара боюнча бир эсе сын айта, ортодон чек ара маселесин чечкич болуп, Баткенге чейин барып, айтор нары урунуп бери урунуп, ордун таба албай жатат. Эми болсо кыргыз басылмаларынын бирине маек берип, анда “Атамбаев алып барып эле камап коё тургандай кой эмес да. Ал кечээки президент, бүгүн экс-президент катары Башмыйзам кепилдеген укуктары бар. Анан эле саясий билдирүүлөрүн бетке кармап, камаш керек”- деген саясат туура эмес. Атамбаев өзү ушундай ката кетирсе да, анын катасын кайталабаш керек. Мен өзүм саясий куугунтук көргөн, анын азабын тарткан адам катары айтып коеюн, минтип “камай сал”-деп кошоматчылык менен жан баккандар, ар бир бийликтин тушунда болот. Аларга алдырбаш керек. Адилеттүүлүк керек, эгерде камоого туура келе турган деңгээлде мыйзамды бузганы далилденсе, анда мыйзам алдында ал дагы башка катардагы эле жарандай “жоопкерчиликке тартылышы керек”- дептир, кызыталактыкы.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: