Menu

Каныбек Иманалиев, ырчы: “Беш кол тең эмес” да, жамаат болгон соң, ар кандай көз караш болбой койбойт экен..

Бөлүшүү:

Ильзат Ахмедов 1997-жылы 31-де­кабрда Бишкек шаарында туул­ган. Ильзаттын футбол дүйнөсүнө кирүүсүнө атасы себепкер болот. Кичине кезинде эле аны борборуб­уздагы кут арткан, дөөлөтү бар «Ал­га» клубуна алып барган. Ошентип, ал алгач машыгууга катыша башта­ганда эле зиректиги байкалып, ре­спубликабыздын балдар арасында­гы курама командасында ойноп, 11 жашында Россиянын Тольяти шаа­рындагы мелдешке барып калат. Ал жерден Россиялык машыктыруучу­лардын назарына илинип, алар анын футболго болгон жөндөмүн байкап, Ильзатты Юрий Коноплев атында­гы футболдук Академияда калуусун билдиришет. Ата-энеси да макул бо­лот. Ошентип, чоң футболго болгон Ильзаттын келечеги ошол жерде ка­лыптана баштайт. Ал азыр чабуулчунун позиция­сындагы жарым коргоочу. Футбол боюнча Дүйнө чемпиону, Бразили­ялык Каканы кумир тутат. Буга чей­ин Казандын «Рубин» клубунда ой­ноп келсе, үстүбүздөгү жылдан тарта ЦСКА футболдук клубунда ойнойт. Чет элдик спорт басылмаларындагы маалыматтарга таянсак ага Итали­янын “Рома” футболдук клубу жана ошондой эле Англиянын “Арсенал” клубдары кызыгууда экени айтылуу­да. Буга себеп, Чемпиондор лигасы­нын топтук баскычтагы ЦСКА менен «Рома» командасынын беттешүүсүн­дө жана “Зенит” менен болгон оюн­дарында Ильзаттын чеберчилиги Европалыктардын кызыгуусун жа­ратканы айтылат. (Ал эми Ильзат Ах­метовдун ЦСКА менен болгон кели­шими 2022 –жылга чейин түзүлгөн.)

Айтмакчы, сүйүндүрө турган нерсе, ошо Европалык футбол ади­стеринин айтымында Ильзат дагы да мыкты машыгууларды өткөр­сө, 2020-жылдагы Европа чемпи­онатында болбосо да, 2024-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатында ой­ноп, мыкты көрсөткүчтөрдү жара­тышы толук ыктымал экендиктерин кыйытышууда. Болсун! Анда эле биз, бүтүндөй Ала-Тоо Түштүк Кореялык, учурда Улуу Британиянын «Тот­тенхем Хотспур» футболдук клубу­нун ишенимдүү чабуулчусу аталган Сон Хын Мин менен жер жүзүндөгү жалпы корей улуту кандай сыймы­ктанса, алардан ашса ашып, алды кем калбаган кубанычка бөлөнөөр элек! Алга, Ильзат, алга! Жаратка­ныбыз, анан бейиштин төрүндөй болгон Кыргызстаныңдын касиети колдосун сени!

Булак: «Айгай-пресс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: