Menu

Бишкектеги митингден бир колунан ажыраган Ырыскелди бүгүн үйлөндү

Бөлүшүү:

Бишкекте 5-октябрдагы митингден кийин бир колунан ажыраган 19 жаштагы Ырыскелди үйлөндү. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда коомдук активист Замир Айылчиев Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымы боюнча, Ырыскелди бүгүн үйлөнгөн. Ал белек катары Premium English пакетин белекке берди, бул менен ал 1 жыл англис тилин бекер окуйт. Ал ошондой эле президенттин м.а. Садыр Жапаров иш сапардан Бишкекке кайтып келгенде башалмандыкта колунан ажыраган Ырыскелдиге бир бөлмөлүү батир берүү маселесин айтарын билдирди.

“Бүгүнкү күндүн баатыры, революциядан бир колунан ажыраган, Ырыскелди менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Ырыскелди жаңы эле үйлөнүптүр. Кубанычтуу кабар менен куттуктадым! Сүйүндүм! Өзүмдүн жана Эл Аралык ДАС Эдукейшн Америка мектебинин атынан, Ырыскелдиге 1-жылга англис тилинде окутуп берүүнү туура көрдүм! Premium English пакетин белекке бердим. Өкмөт башчы Садыр Нургожоевич, региондордогу иш сапарынан борборго келсе, Ырыскелдиге батир бөлүп берүү боюнча маселени айтам. Бактылуу болушсун!” – деп жазган Замир Айылчиев.

Белгилей кетсек, 4-октябрь парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар, алардын тарапташтары аянтка митингге чыгышкан. 5-октябрдан 6-октябрда караган түнү аянтта митингчилер менен тартип сакчыларынын кагылышуусу болуп, резина октор атылып, граната жардырылган. Мындан 19 жаштагы жаш бала өмүрү менен кош айтышып, көп сандагы адамар ар кандай жаракат алган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: