Menu

Душанбе аэропортунун өзүн-өзү өлтүргөн кызматкери алдамчылыкка шектелүүдө

Бөлүшүү:
Шерафган Ходжакулов.
Тажикстандын Унаа прокуратурасы Душанбе эл аралык аэропортунун кызматкери Шерафган Хожакуловдун өлүмүн иликтөө учурунда алдамчылык фактыларын аныктаганын маалымдады.
“Алдамчылык” беренеси боюнча козголгон жаңы кылмыш ишинде үч киши, анын ичинде өзүн-өзү өлтүргөн аэропорттун кызматкери да бар. Шектүүлөрдүн бири кармалды.
Расмий билдирүүгө караганда, Шерафган жана анын эки шериги Душанбеден Орусияга учууну көздөгөн ондон ашуун кишиге авиабилет алып беребиз деп, бирок убадаларын аткарышкан эмес. Тергөөчүлөр алданып калган жүргүнчүлөрдөн көрсөтмө алган.
Унаа прокуратурасындагы өз булак билдиргендей, алдамчылык фактылары тастыкталса иш сотко жөнөтүлөт. Шерафган Ходжакулов өзүн-өзү өлтүргөндүктөн ага карата иш токтотулат.
Бул арада маркумдун агасы Умед Ходжакулов анын бир тууганы авиабилеттерге байланыштуу көз боемочулукка тиешеси жок экенин билдирди. Ал алданып калган жүргүнчүлөрдү тааный турганын, алардын биринин да Шерафганга дооматы жок экенин белгиледи.
26-октябрда Душанбе аэропортунун коопсуздук кызматкери аба майдандын имаратында өз өмүрүн кыйган. Маркумдун туугандарынын маалыматына караганда, ал акыркы тогуз айдан бери маяна берилбегенине нааразы болуп жүргөн. Анын жыйынтыгында жашаган батир акысын төлөй албай, кожоюну үйдөн чыгарып салган.
Буга нааразы болгон Хожакулов жумушуна барып, дагы бир жолу маянасын ала албаган соң туугандарына ”сөөгүмдү аэропорттон алып кеткиле” деген билдирүү калтырып, өзүн атып салган.
Душанбе эл аралык аэропортунун маалымат кызматы 27-октябрда Шерафган Хожакуловдун маянасы толук төлөнүп берилгенин, буга банк документтери далил боло аларын кабарлаган.
Жайында Душанбе эл аралык аэропортунун бир катар кызматкерлери марттан бери айлык берилбей жатканына даттанышкан.
Аэропортто жалпысынан 1500дөй кызматкер эмгектенет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: