Menu

Диний ишти жүзөгө ашыруу боюнча мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленген

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу максатында диний иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасында диний уюмдардын, чет өлкөлүк диний уюмдардын миссияларынын укуктук абалын белгилөө боюнча мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленген. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Юстиция министрлиги “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын кароосунун предмети болуп, жарандардын билим алуу, анын ичинде диний билим алуу конституциялык укугун жүзөгө ашыруу үчүн диний билим берүү мекемесин түзүүдө, диний уюм, ишке ашыруу механизми болбогон, жарандардын тизмесин жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу процедурасын өтүүгө милдеттүү экендигин белгилеген ченемдер саналат.
Буга байланыштуу, мыйзам долбоору менен “Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда жана 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында “жана жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган” деген сөздөрдү алып салуу сунушталууда.
Бүгүнкү күндө, аталган мыйзам долбоору белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын министрликтери, ведомстволору жана башка мамлекеттик органдары менен макулдашууга жиберилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: