Орусия президенти Владимир Путин 27-28-февралда Кыргызтан, Казакстан жана Тажикстанга келет. Сапар дипломатиялык мамилелердин 25 жылдык мааракесине арналарын орус лидеринин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.
Орусия президентинин Кыргызстанга сапары 28-февралга белгиленген. Анын алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушат. Президенттик аппараттын маалыматы боюнча, жолугушууда орус-кыргыз кызматташтыгы, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ЕАЭБ алкагындагы эки тараптуу мамиле тууралуу кеп болот.
Путин Тажикстандагы сапары учурунда эки өлкөнүн эки тараптуу мамилелеринин бекемделишине чоң салым кошкондугу үчүн Эмомали Рахмонго Александр Невский атындагы орденди тапшырат. Мындан тышкары өз ара жети документтин бекитилиши күтүлүүдө.
Юрий Ушаков Владимир Путин менен Эмомали Рахмон Тажикстандагы орусиялык аскердик базага байланыштуу маселелер боюнча да пикир алышарын айтты.
Путиндин сапарынан кийин Орусиядан депортация болгон 14 миңден 68 миңге чейинки тажик эмгек мигрантынын “кара тизмеден” чыгуусу күтүлүүдө.
Сапар тууралуу кененирээк маалыматтар такталууда.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ