Учурда Баткен облусунун басымдуу бөлүгү Икрам Илмияновду колдоп атышканы, күздөгү шайлоодо КСДПнын талапкерине бурулушары алдыртан болжонууда. Себеби, акыркы беш-алты жылда Баткенде, өзгөчө Лейлек районундагы мектептер, жолдор, таза суу чыгаруу жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү иштери, айтор, дээрлик курулуш жаатын колго алган Илмиянов кичи мекенине катуу кызмат кылганы уу-дуу кепке айланды. Ал каралбай калган регионду көтөрүү үчүн мамлекеттен каражат бөлдүрүп, ошого катар бизнесмендерди тартуу, грант маселесин чечүү демилгесин да жигердүү ишке ашырыптыр. Мунун баары президенттин кеңешчиси Илмияновдун эмгеги болгону үчүн карапайым калк батасын бөрип, катуу колдоого алышканын аймактан кабарлашты. Натыйжада, күздөгү аламанда Лейлекте Икрам үчүн КСДПнын талапкерине жок дегенде 60 пайыз добуш салышабы? Эгер мындай көрсөткүч болсо, чыны менен президенттин кеңешчиси саясаттан алдыга секирик жасайт го…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ