Кадамжай районунда сарайда өрт чыгып, жыйылган чөптөр өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен облусунда кечээ, 2-ноябрь күнү саат 16:40 чамасында Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынын Жипром көчөсүндө короодо аянты 160 чарчы метр сарай 920 түк чөп күйгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ