Menu

Акылбек Жапаров, ЖК депутаты: “Экономикадагы кыйынчылыктар дагы алдыда”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы уюштурган “Жай олтуруп баарлашуу” долбооруна бул жолу Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров менен Экмат Байбакпаев жана экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков катышты. Алар ЕАЭБ алкагындагы Кыргызстандын абалы, жетишкендиктери жана кемчиликтери туурасында сөз кылышты.

А. Ж: – Биз мурда ЕврАзЭС уюмунда беш мамлекет бирге иштечүбүз. Кийин Бажы союзу пайда болду. Эми минтип тереңдетилген Евразиялык экономикалык бирикмеге мүчө болуп иштеп атабыз. Дүйнөлүк мыйзам боюнча соода уюмдары бир мамлекет катары каралат. Биз муну унутпашыбыз керек. Би­рок ар ким ар кандай убакытта ЕАЭБ мүчөсү боло алат. Он жылдан кийин ЕАЭБ дүйнөлүк соода жаатында толук кандуу уюм болуп калышы керек. Тилекке каршы, Кыргызстан ЕАЭБ киргенден кийин он жыл ичинде дүйнөлүк соода уюму өзү үчүн жакшы талаптарды кое алган жок. Мен бул тууралуу профес­сор катары айтып келе жатам. Өзүбүздүн буга чейин түзүлүп калган экономикабызды сактап калышыбыз керек эле. Ошол учурда биздин мамлекеттик экономикабыз эске алынган жок. Бул ЕАЭБ алкагына кирүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн адамдардын күнөөсү болуп кал­ган. Биз бул биримдикке таптакыр даяр эмес болуп кирдик. Базар экономикасын, бизнес чөйрөсүн сактап калуу үчүн эч кандай коргоо механизм иштелип чыккан эмес. Менин жеке көз карашымда, 2017-жылы инфляция эмес, дефляция бо­лот. Биздин ишкерлер товарларын чыгаргандан кийин сата албай калышы мүмкүн. Себеби башка мамлекеттерде биздин товарлар атаандаштыкка туруштук бере албайт. Биз ЕАЭБ мүчө болуп киргенге чейин, тагыраагы 2014-жылы, мамлекеттин экспорт, импорту абдан жакшы болгон. Мүчө болуп киргенден кийин товар алмашуу төмөндөп кеткен. Ошол эле учур­да үчүнчү мамлекеттер аралык өсүш болот деп айта албайм.

А.С: – Мезгил көрсөткөндөй, бул уюмга мүчө болгонубуз өз убактысында жасалган жана экономикалык жактан негизделген кадам болгондугун көрсөттү. ЕАЭБ Бажы кодексине кол коюлушу жана Казакстан аймагы боюнча темир жол транс­порту аркылуу жүк ташууда унификацияланган тарифтердин күчүнө кирүүсү – өлкөдөгү экономикалык абалга оңдуу таасирин тийгизчү маанилүү окуя болуп саналат. ЕАЭБге мүчө болуубуз ЕАЭБ аймагында эмгектенген мекендештерибиздин жашоо шартынын жеңилдешине маанилүү таасирин тийгизди. Алсак, 2016-жылы эмгек мигранттарынын акчалай которуулары 2015-жылга салыштырмалуу 18 жогорулап, 1 млрд. 834 млн. АКШ доллардан ашуун сумманы түздү.

-Айыл-чарба тармагы кандай болуп атат?

А.Ж: – Кыргыз мамлекетинин айыл чарбасы Евразиялык экономикалык биримдиктин шартына туруштук бере албай жатат. Алдыдагы беш жылга ка­рата программа иштеп чыгыш керек да, ал планга айыл чарба тармагын приоритет катары аныктоо, малдын башын идентификациялоону тездетүү, айыл чарбасынын республикалык бюджетке, электр энергиясына, социалдык фондго, салык органына болгон карыздарын жоюу, Лизинг компаниясын, Кепилдик фондун түзүү сындуу иш-чаралар камтылмакчы.

А.С: – Өлкөнүн экономика­лык абалын башкалардыкына салыштырган үч абройлуу дүйнөлүк рейтинг бар. Алар: “Дуинг бизнес” рейтинги (бизнес жүргүзүүгө түзүлгөн шарттар), “Трансперенси Интернешнл” рейтинги (коррупциянын деңгээли) жана Атаандаштыкка туруштук берүү боюнча рей­тинг. Бүгүнкү күндө бул дүйнөлүк рейтингдерде өлкөбүздүн көрсөткүчтөрү мыкты эмес. Учурда биз «Дуинг бизнес» тизмесинде 74-орундабыз. 2009- жылы Кыргыз өлкөсү 41-орунга жетип, мындан кийин анчалык көтөрүлгөн эмес. Бүгүнкү күндө өкмөт Кыргыз Республикасынын экономикалары күчтүү 50 мамлекеттин катарына киргизүү боюнча иш жүргүзүп жатат. Канчалык жогору жайгашсак, ошончолук инвестициялар көп келет.

Казакстан ветеринардык көзөмөл маселесинде Кыргызстанга эң жогорку талаптарды койду. Бүгүнкү күндө үч райондо пилоттук режимде малды идентификациялоо боюнча иштер жүрүп жатат. Бирок ишти өлкө боюнча жүргүзүүгө убакыт керек. Казакстан идеалдуу ишти талап кылууда, биз система иштеп жаткандыгы тууралуу айтып жатабыз. Идеалдуу эч нерсе жок. Кыргызстан идентификацияны белгилүү бир мөөнөтгө аткарууну айтып, ветеринардык көзөмөлдү алууну сунуштаган. Бирок Казакстан жогорку талаптарды аткарууга өз айтканынан кайтпай жатат. Ка­закстан өзү дагы ЕАЭБге кирип жатканда Россия жана Беларусь сыяктуу эле жалпы аудиттен өткөн эмес. Биз казакстандык ветеринардык система эл аралык эпизоотикалык бюродо статуска ээ экенин билебиз. Республиканын бир катар облустары шарпка карата вакцинасыз эле эл аралык деңгээлге эркин чыгаруу укугуна ээ. Мындай статуска Кыргызстан деле ээ. Коңшу өлкө ветеринардык көзөмөлдү алууга каршы болуп жатканын эл аралык эпизоотикалык бюродо жакшы статуска таасир этиши менен негиздеп жатат.

-Салык системасын өзгөртүш керекпи?

А.Ж: – Экономикадагы кыйынчылыктар дагы алдыда. Биздин салык системабыз бир жарым жылдан бери жаңы системага өтө албай койду. Мурун НДС менен чек арадан бажы системасы алып койчу. Былтыр баары бажы системасына өттү. Азыр 14-16 миллион каякка кеткенин билбей атабыз. Биз товар кантип кирип, каякка сатылганын жасай албай атабыз. Өкмөт муну сезбей атат. Биз фискалдык системаны өзгөрт, бардык жерде көзөмөлдөөчү касса машиналар турушу керек деп ай­тып жатабыз. Товар келгенден кийин ким сатып алды ошол жерге чейин жетиш керек. А биздики эркин болуп көнүп алганбыз да. Ошону оңдой албай жатабыз. Салык инспекциясынын кызматкерлерин көбөйтүп, бажы инспекциясынын кызмат­керлерин азайтыш керек. Кыргызстанда баары салык төлөш керек.

-Азыр бюджеттик дефи­цит канча болуп атат?

А. Ж: – 23,5 млрд сомдун тегерегинде бекитип бердик. Бул бюджеттик дефицит өтө көп. Муну азайтыш үчүн чыгашабызды азайтышыбыз керек.

А. С: – Биз биримдикке мүчө болгондон тарта бир маселеге туш болдук. Импорт болгондо баасы он сом болсо, аны 2-3 сом кылып жазып коюп салыктын өлчөмү кыйла түшүп кетти. Ушул бюджеттик дефициттин жаралышынын бирден-бир себеби болду. Бул проблеманы базарга болгон орточо бааны алып, ошол баадан төмөн болбосун деген механизмди киргизгенбиз. Ал механизм бүгүнкү күндө абдан жакшы натыйжаларын берди.

-Азыр Кыргызстан кандай кырдаалда турат? Бизнес коомчулугу өздө­рү аракет кылыш керек дегенге алып барбайбызбы? Бизнесмендер Өкмөт качан иштейт деп күтүп отурушат…

А. Ж: – Өкмөт бизнесмен­дер үчүн эч качан иштебейт. Өкмөт бизнесмендерге шарт түзүп берет. Мисалы, теплицаны курганда анын ичиндеги температура жакшы болсо жашылча-жемиштериң өсүп кетет да. Мына ушундай климатты бизнесмендер үчүн өкмөт түзөт. Мисалы, Дордой, Кара-Суу базарлары пайда болду. Анткени өкмөт жумуш орундарын сактап калаарына көзү жетип, 0,15 пайызды таразасы менен Апас Жумагулович киргизип койду. Баарына патентти киргизип, са­лык жагынан боштондукту берип койду. Элдин баары ошону менен иштеп атып бутуна туруп кетишти. Биз дагы ишкерлерге ошондой мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Бизнеске суу керек болуп атабы, анда сууну беришибиз керек. Биз рынокту ачып берсек, ишкерлер иштеп кете беришет.Биз ошону ачып бере албай жатабыз.

Булак: Поитклиника

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: