Menu

“Кыргызстан” фракциясы качан чайкоочулугун коет?

Бөлүшүү:

Кыргызстан партиясынын атынан келген Насыр Мусаев аттуу дунган улутундагы депутат бар. Кудайдын буйругу экен, сыркоолоп калып мандат алганына он айдын аралыгы болсо да жумушка чыга элек. Бирок депутаттык маянасын алып дарыланууда. Мыйзам боюнча Насыр Мусаев депутаттык ишмердүүлүгүн эчак эле токтотушу керек эле. Бул жерде маселе башкада экенин акыркы фракция ичиндеги интригалар айтып турат. Шайлоо кодексине ылайык Мусаевден кийин Айнура Аскарова депутат болуп келиши керек эле. Учурунда бул фракциянын лидери тарабынан бул айымга бир канча мамлекеттик кызматтар сунушталганда, “менин депутаттык мөөнөтүм келди, депутат гана болом” деген жоопту уккканда лидер Канат Исаев Мусаевдин мандатын тапшыртпай жатат. Эгерде Айнура Аскарова мандаттан баш тартса, анда андан кийинки орунда турган бизнесмен талапкерлер тизме боюнча депутат болуп, Исаевге да “жарыгын тийгизмек”…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: