Menu

Видео – Өмүрбек Бабанов сабалып жаткан видеотасма тарады

Бөлүшүү:

Социалдык тармактарга азыр премьер-министрлик кызматка умтулган Өмүрбек Бабанов сабалып жаткан жана Фарид Ниязов менен Кадыр Атамбаевди Ала-Тоо аянттагы башаламандык учурунда күзөтчүлөрү алып кетип жатышкандыгынын видеотасмасы жарыяланды.

Видеодон, Өмүрбек Бабановду белгисиз адамдар бир нече жолу урганы көрүнөт. Саясатчы унаага отургандан кийин, митингчилер таш ыргытып, унаанын мамлекеттик номерин жулуп алышат. Ошондой эле, Фарид Ниязовдун унаасына дагы кол салуу болгон.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-октябрда Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов, жана алардын тарапташтары “Форумдан” бери жөө келип, Ала-Тоо аянтына чогулуп, митинг өткөрүп жаткан. Ал кезде эски аянтка чогулган Садыр Жапаровдун колдоочулары борбордук аянтка келишип, ортодо башаламандык орун алып, таш ыргытылып, ызы-чуу чыкты. Жаш саясатчы Тилек Токтогазиев жана Темир Сариевдин жансакчысы жаракат алды. Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев отурган унаага ок атылганы белгилүү болгон.

Акыркы маалыматтар боюнча Өмүрбек Бабановдун унаасына да ок атылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: