Menu

Кубанычбек Кулматов: “Жалган жалаа жана жасалмалоолор мамлекеттик айыптоонун рычагы болуп калды”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-июнда Бишкек шаардык соту борбор калаанын экс-мэрлеринин иши боюнча айыпталуучулардын адвокаттарынын апелляциялык арызын кароону улантты. Отурумда сот Адис Момуналиев төрагалык кылып жатат.

Жарыш сөздө экс-мэр Кубанычбек Кулматов сүйлөдү. Ал буга чейин сот системасынын кандай иштерин билген эместигин билдирди.

“Тилекке каршы, биринчи инстанцияда биз сотко жеткире албай койгонбуз. Сот тергөөнүн жана мамлекеттик айыптоонун жетелөөсүндө болду. Буга чейин мен жалган жалаа жана жасалмалоолор мамлекеттик айыптоонун рычагы болуп калганын билген эмесмин. Бул чыныгы кылмыш” – деди Кулматов.

Кубанычбек Кулматов аларды жактаган тарап эксперттердин келиши боюнча бир нече жолу суранганына карабастан, алар эки инстанциянын тең сотторуна келбегенин эске салды.

“Алардын корутундусу биздин айыптоолорубузга негиз болду. Менимче, калыстык үчүн сот алардын келишин камсыз кылышы керек эле” – деп билдирди Кубанычбек Кулматов.

Ал ошондой эле, биринчи инстанцияда айыптоо актысы 2 айдан кийин гана берилгенин кошумчалады.

“Чыккан өкүм соттордун жүзүн көрсөтөт. Бул иште тергөөнүн негизсиз айыптоолорунан башка эч нерсе жок” – деди Кулматов.

Эске сала кетсек, Кубанычбек Кулматов «Бишкектеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга бөлүнгөн 2 миллион долларды максатсыз пайдаланып, жемкорлукка барган» деп айыпталып, камакка алынган. Ал эми Албек Ибраимов «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айып менен камалган. Бирок, экөө тең мындай айыпты четке кагып, күнөөлүү эместигин айтып келген.

Былтыр, 23-декабрда, Ленин райондук сотунда экс-мэрлерге байланыштуу сот отуруму уланып, Албек Ибраимов 15 жылга кесилип, Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып пул салуу менен сот залынан бошотулуп, эркиндикке чыккан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: