Menu

Пентагон «Ислам мамлекети» кайрадан күчтөнүшү мүмкүн экенин билдирди

Бөлүшүү:

Пентагон «Ислам мамлекети» террордук тобунун кайрадан күч алуу коркунучу бар экенин билдирди. Бул тууралуу Пентагондун башкы тескөөчүсү Гленн Файндын баяндамасында жазылган.

Анын айтымында, учурда Ирак менен Сирияда көмүскөдө жүргөн жоочулардын саны 18 миңге жетиши мүмкүн. Файн алардын пайда болушуна башка себептер менен катар эле аймактагы АКШ аскерлеринин саны азайтылгандыгы дагы түрткү болгонун билдирди.

​Сириядагы америкалык аскерлер чыгарыла турганын АКШнын президентди Дональд Трамп өткөн жылы декабрдын аягында билдирген. Анда ал бул чечимин согушкерлер «биротоло жеңилгендиги» менен түшүндүргөн. Көп өтпөй президенттин мындай чечимине макул эместигин билдирген АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис кызматтан кеткен.

ЖМКлардын маалымтына караганда, кийинчерээк Пентагондун жогорку кызматтагы адамдары Трампты Сириядагы аскерлердин бир бөлүгүн калтырууга көндүрүшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: