Menu

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жана Миграция кызматынын РФдагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин Астрахань шаарына жумушчу сапары ишке ашты

Бөлүшүү:

6-7-августта Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жана КРнын Өкмөтүнө караштуу Миграция кызматынын РФдагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин РФнын Астрахань шаарына жумушчу сапары ишке ашты. Сапардын жүрүшүндө Россия Федерациясын Астрахань облусунда туруктуу жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, мекендештер менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Элчиликтин кызматкери Астрахань облусунда туруктуу жашап жана эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына эки тараптуу кызматташууну бекемдөөдө жана Кыргызстандын жарандарынун укук жана кызыкчылыктарын коргоо багытында Элчиликтин ишмердүүлүгү тууралу маалымат берип, кыргыз диаспорасы менен биргеликте жасала турган иш-пландар тууралуу айтып берди.

         Мындан сырткары, жолугушуунун катышуучуларына КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана чет өлкөдөгү мекендештер арасындагы инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан шарттар тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө КРнын жарандарына укук жана консулдук маселелер боюнча кеңештер берилди. Ошону бирге ошол эле жерде айрым жарандардан консулдук документтери боюнча тиешелүү материалдар кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: